Канатбек Маматов Бишкек шаарынын дене тарбия департаментинин директору болуп дайындалды  

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын  мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Канатбек Маматов Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Канатбек Маматов буга чейин департаменттин билим берүү, спорт, дене тарбия жана массалык иш-чаралар бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

Рустам Алишеров департаменттин директорунун орун басары болуп дайындалды. Ал мурда Бишкек шаарынын  мэриясынын Борбордук аппаратынын бөлүмүнүн башкы инспектору болуп иштеген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Сүрөт: Канатбек Маматов. bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты