Канат Исаевдин камакта калуу мөөнөтү узартылды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаевдин камакта калуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 21-ноябрдагы токтомуна ылайык, Канат Исаевге карата мурда тандалган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылды.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, Канатбек Исаевге ага мүчө катары кирген. 23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакын оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гулнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, журналист Айданбек Акмат уулу жана башкалар кармалган.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы «Клооптун» журналисттерине Канатбек Исаевдин ишинде «жашыруун гриф» бар, мындан улам башка маалымат берилбей турганын маалымдашкан.

Канатбек Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты