Кайра шайлоонун жүрүшүнөн (Фоторепортаж)

Бүгүн, 27-февралда, Бишкек шаарынын эки округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өтүп жатат. Кайра шайлоо саат 20:00гө чейин болот.

Мурда маалымдалгандай, № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча саат 14:00гө карата добуш берүүгө 25 823 шайлоочу келди же шайлоочулардын жалпы санынын 11,76%ы добуш берди.

Жогоруда аталган эки шайлоо округунда баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Кайра шайлоого 53 талапкер каттоодон өттү. № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 27 талапкер, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 26 талапкер катышууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты