Кафе-ресторандардагы 15% тейлөө акысы мыйзам менен жоюлушу мүмкүн

  • 12 месяцев мурун

Кыргызстанда кафе-ресторандар кардарлардан өз алдынча кошуп алган 15% тейлөө акысы мыйзам аркылуу жокко чыгарылышы ыктымал. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев “Кабар” агенттигине билдирген.

Анын айтымында, учурда көптөгөн тамактануучу жайлар тейлөө акысын кардардын макулдугусуз эсепке кошуп келишкен. Бирок мындай практика мыйзамга каршы келет, анткени бул кошумча акылар үчүн мыйзамдуу негиздер жок.

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталып, алардын алкагында кардар сурабаган кызматтар үчүн акы алууга тыюу салынат. Бул өзгөртүү мыйзам түрүндө кабыл алынса, коомдук тамактануу жайлары өз алдынча кошумча акча талап кылууга укуктуу болбой калат.

Сунушталган өзгөртүүлөр учурда Президенттик администрация менен макулдашылып, талкуу үчүн Юстиция министрлигине жөнөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты