Кадырбеков: Кыргыз-казак чек арасында өзүбүз тарап жасалма тыгын уюштуруп жатат деген маалымат түштү

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин бүгүн, 20-апрелдеги жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков кыргыз-казак чек арасында жасалма тыгын уюштурулуп жатышы мүмкүн экенин, бул маалымат текшерилип, күнөөлүүлөр жазасын алышы керектигин айтып чыкты.  

-Жакында мага бир маалымат түштү.  Кыргыз тарап жасалма тыгын уюштуруп жүрөт дейт. Бул маалымат – кыйналып өткөн адамдардан болуп жатат. Ушуну чек ара кызматы, бажы кызматы текшерип койсун. Эгерде бул иш чынында ушундай болсо, муну уюштургандарды каракчылык беренеси менен жазалаш керек, -деди депутат Кадырбеков.

Жакында Казакстан жөнөкөй жарандар үчүн чек арасын ачты. Бүгүнкү күндө чек арада тыгын болуп, көптөгөн машиналар өтө албай турганы маалымдалууда.    

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты