“IPhone13 Pro Max уттуң”. Инстаграм аркылуу жарандарды алдоого аракет кылгандар бар

Акыркы учурларда социалдык тармактар аркылуу шылуундук менен алектенгендер көп катталууда. Ошондой аккаунттардын бири болгон Hobart Eichenbenberger жарандарга iPhone13 Pro Max утуп алганын жазып, аларды apple.limecs баракчасына өтүп, белекти алууну сунуштайт.  Apple.limecs аттуу баракча өзүнүн тарыхчасына телефондун сүрөтүн киргизип, белекти утуп алгандар байланышка чыккыла деп жарыялаган.

“ПолитКлиника” медиасы бул аккаунттарды текшерип көрдү.

“IPhone13 Pro Max уттуң”. Инстаграм аркылуу жарандарды алдоого аракет кылгандар бар

Эч кандай оюнга катышпаган адамдарга дагы билдирүү жиберишет

Бул аккаунттун бир гана катталуучусу бар. Анын бир дагы сүрөтү жана билдирүүсү жок. Аккаунт 2015-жылы апрель айында ачылганын көрүүгө болот. Ал эми apple.limecs деген баракчанын 8 миңге жакын катталуучусу бар. Анда көбүнчө телефондордун сүрөттөрүн жарыялаган. Ошону менен катар эле телефонду белекке алгандардын ыраазычылык билдирүүлөрү делген сүрөттөр да бар. 

Hobart Eichenbenberger деген аккаунт эч кандай оюнга катышпаган адамдарга деле телефон утканын кабарлап, билдирүү жөнөтөт. Ошолордун катарында билдирүүнү биздин окурманга дагы жөнөттү. Бул жыйынтык random.app сайты аркылуу чыкканын билдиришти. Анда apple.limecs деген 8 миңге жакын катталуучусу бар баракчага жазып, белекти алуу шарттары менен таанышууну сунуштайт. Биз алардын кандай талаптары бар экенин билүү үчүн аталган баракчага жазып көрдүк. Жооп дароо келген жок. 

Белекти алуу үчүн камсыздантыруу төгүмүн которууну сунушташты

Аталган аккаунт бир нече күндөн кийин жооп жазып, белекти алуу үчүн камсыздандыруу төгүмүн төлөө шарт экенин айтышты. Камсыздандыруу төгүмү 2300 сом. Ал аккаунтка ишеним көрсөтпөгөнүбүздү билдиргенде Мозговой Антон Юрьевичке таандык орусиялык жарандын паспортунун сүрөтүн жиберишти. Андан соң акчаны которууну тездетүү керектиги тууралуу билдирүү алдык. Аталган паспортту ачык маалымат булактардан номер аркылуу текшергенибизде мындай паспорт бар экени аныкталды. Бирок ал паспортту кайдан алганы белгисиз. 

“IPhone13 Pro Max уттуң”. Инстаграм аркылуу жарандарды алдоого аракет кылгандар бар
“IPhone13 Pro Max уттуң”. Инстаграм аркылуу жарандарды алдоого аракет кылгандар бар

“Парпортумду пайдаланып шылуундук кылып жүрүшкөн”

Аталган паспорт жарыяланган биринчи булакты табуу мүмкүн болгон жок жана сүрөттө фотошоптун белгилери аныкталган эмес. Бирок буга чейин башка жарандардын жеке маалыматтарын, паспортторун пайдалануу менен шылуундук кылган учурлар болуп келген. Дал ошондой шылуундардан жабыркагандардын бири Азиза Бердибаева өзүнүн окуясын айтып берген эле: 

“Менин атым Бердибаева Азиза мен алдамчы ЭМЕСМИН.

Алдамчылар менин паспортумдун сүрөтүн таап алышып, азыр аны ар кандай шылуундар пайдаланып, менин атымдан иш алып барып, элди акчага алдап жатышат. Алар менин бардык сүрөттөрүмдү социалдык тармактардан жүктөп алып, WhatsApp аватарларына коюп дагы алышкан. Алар мен тууралуу маалыматты социалдык  желелеримден алышты, анткени мен журналистмин жана баракчаларымда абдан активдүүмүн. 

Мен сиздерге эскертким келди — АЛДАМЫЧГА ИШЕНБЕҢИЗ! Бул паспорттун сүрөтүн жиберсе акча жибербегиле!!! Бул 100% алдамчылык!”, — деген билдирүүсүн калтырган

“IPhone13 Pro Max уттуң”. Инстаграм аркылуу жарандарды алдоого аракет кылгандар бар

Өзүңүздү алдоого мүмкүнчүлүк бербеңиз!

Бир нече убакыт өткөндөн кийин алар жок дегенде ошол сумманын жарымын болсо дагы которууну сунуштап башташты. Жооп болбогондон кийин бул аккаунтту толугу менен өчүрүп салышты. 

Эсиңиздерге сала кетсек, “ПолитКлиника” медиасы мазмуну ушул сыяктуу социалдык тармактарда шылуундук менен алектенгендерди аныктаган. Президент Садыр Жапаровдун сүрөтүн колдонуп, “Мамлекеттен 50 миң сом жардам” деген фейк брокерди,  Телеграмдагы “Халяль”, “Ислам Кирешеси”, “Алия”, “Халяль Зульфия”, “Назира”  аттуу каналдар фейк брокер болуп саналарын аныктап чыккан. Телефон шылуундары кантип иш алып барышат, алардан кантип сактануу керектигин жарыялаган.

Жыйынтык: Инстаграмда “iPhone13 Pro Max утуп алдыңыз, камсыздандыруу төгүмүн төлөңүз” деген маалымат — жалган. Шылуундардын кайырмагына илинип калуудан сак болуңуз! 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты