Телеграм аркылуу “адал” акча табуунун жолдорун үйрөткөн дагы бир фейк-брокер. (Фактчекинг)

Фейсбукта президент Садыр Жапаровдун сүрөтү менен “Ар бир Кыргызстандын жашоочулары үчүн 50 000 сом мамлекеттик жардам” билдирүү тарады. Анда Телеграмм-каналга шилтеме көрсөтүлгөн. Ал Телеграмм-канал  АЗИЗА | ISLAM 🇰🇬 деп аталат.

Телеграм аркылуу “адал” акча табуунун жолдорун үйрөткөн дагы бир фейк-брокер. (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Телеграм-канал тууралуу 

АЗИЗА | ISLAM 🇰🇬 деп аталган Телеграм-каналы 5-сентябрда түзүлгөн. Бул каналга киргенде эле “Чыныгы адал кирешеси менен биринчи долбоор”, “Менин блогума кошулгандардын баарына жардам бергим келет” деген жазууларды көрүүгө болот.

Каналда автор өзү тууралуу жазган. Анда ал аты Азиза, 26 жашта, Кыргызстанда төрөлгөнү тууралуу кеп салган.

Телеграм аркылуу “адал” акча табуунун жолдорун үйрөткөн дагы бир фейк-брокер. (Фактчекинг)

Анда автор жардам алуунун шарттары жөнүндө айтып берген. 

  • Баштапкы төлөм катары аларга 5 миң сом которуу керек;
  • Ислам биржасында шариат боюнча жол берилген сооданын жардамы менен акча көбөйтүлүп, өздөрүнө 10 пайызы, калганы баштапкы төлөмдү которгон адамга берилет.

Мындан тышкары “акча которуп, ийгиликке жетти” деген адамдардын ыраазычылыгы деп ар кандай жазышууларды каналга жүктөп турушкан.

Телеграм аркылуу “адал” акча табуунун жолдорун үйрөткөн дагы бир фейк-брокер. (Фактчекинг)

Эсиңиздерге салсак, “ПолитКлиника” медиасы буга чейин мазмуну ушуга окшогон Телеграмдагы “Халяль”, “Ислам Кирешеси”, “Алия”, “Халяль Зульфия”, “Назира”  аттуу каналдар фейк брокер болуп саналарын аныктап чыккан. “ПолитКлиника” медиасы көрсөтүлгөн каналдардын бириндеги шилтеме аркылуу өтүп, “Динара” аттуу аккаунт менен байланышып да көргөн. Ага бетме-бет жолугуп акчаны колуна берүүнү сунуштаганда ал азыр Москвада экенин жана онлайн гана иштей аларын айткан. Андан соң “Динарадан” паспорт менен лицензиясын жөнөтүүсүн суранганда “Юсупова Динаранын” атына берилген жалпы жарандык паспорттун жана кесипкөй трейдердин лицензиясынын сүрөтүн жиберген. Бирок “Динара” жиберген паспорт менен лицензия экөө тең жасалма болуп чыккан. Дал ушундай Телеграм каналдарга алданып, акчасын алдырып ийгендер дагы болгон. 

Телеграм-каналда Садыр Жапаров, мамлекеттик жардам тууралуу сөз жок

Фейсбукта араб тилинде жазылган баракча президент Садыр Жапаровдун сүрөтү менен “Ар бир Кыргызстандын жашоочулары үчүн 50 000 сом мамлекеттик жардам” деген билдирүү жарыялаган. Бул шилтемени басканда аталган Телеграм-каналга кирүүгө болот. Каналда Садыр Жапаров, мамлекеттик жардам тууралуу эч кандай маалымат жок. Бир дагы мамлекеттик орган мамлекеттик жардам катары 50 миң сом берилет деген маалымат жарыялаган эмес. 

Акыркы учурда Фейсбукта “адал акча табуу” мазмунудагы Телеграм-каналдар жарнамаланып келгенин көрүүгө болот. 

Актриса Айжан Акылбекованын дагы сүрөтүн ушундай жарнамага колдонушкан. Айжан Акылбекова Инстаграмдагы баракчасына буга тиешеси жок экенин жазган. “Мени рекламага кошпогула! Менин тиешем жок! Кудайды карап калпты жазсаңар”, — деп билдирүү жасаган.

Телеграм аркылуу “адал” акча табуунун жолдорун үйрөткөн дагы бир фейк-брокер. (Фактчекинг)

Валюта рыногу жана фейк брокерлерден коргонуу жолдору

Валюта рыногу (Forex же FX) улуттук валюталарды алмаштыруу үчүн дүйнөлүк базар.

Валюта рыногу бүткүл дүйнө боюнча сооданы жана финансыны камтыган эң ири актив базары болуп саналат.

Брокер – инвестор менен баалуу кагаздар биржасынын ортосунда ортомчу катары иш алып барган жеке адам же фирма. Баалуу кагаздар биржалары ошол биржага мүчө болгон жеке адамдардын же фирмалардын заказдарын гана кабыл алгандыктан, жеке соодагерлер жана инвесторлор биржа мүчөлөрүнүн кызматына муктаж болот.

Валюта рыногунда акчаңызды онлайн инвестиция кылуу үчүн брокерди тандоодо төмөнкү жагдайларга көңүл буруу керек:

– Социалдык тармактарда өзүн каржылык кеңешчи катары көрсөткөн адамдардан этият болуңуз. Алардын кеңеши менен акчаңызды кантип инвестициялоо керектиги жөнүндө чечим кабыл алуу тобокедикти жаратат. Анткени валюта рыногунун 98 пайызын фейк брокерлер, башкача айтканда, алдамчылар түзөт;

– Сиз тандаган брокердин жоболорун жана шарттарын кылдаттык менен текшериңиз;

– Кепилденген кайтарым убадасына алданып калбаңыз. Салмаксыз талаптарды коюп, чоң кирешени убада кылган же инвестициялык кирешеге карата “кепилдик” деген сөздү колдонгондорго көңүл буруңуз. Эч кандай инвестиция же инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, ал тургай  рейтинги боюнча эң жороку кирешеси бар мамлекеттик облигациялар да пайда алып келүүгө кепилдик бере албайт;

– Ишенимдүү булактардан брокер тууралуу сын-пикирлерди издеңиз.

Брокердин жөнгө салынганын жана алардын ишеним грамоталарын текшерүүдөн тышкары, калыс булактардан келген сын-пикирлерди окуу маанилүү.

– Сиздин брокериңиз улуттук жөнгө салуучу органдын кара тизмесинде же эскертүү тизмесинде эмес экенин текшериңиз; 

– Лицензиянын номерин жана жөнгө салуучу маалыматын аныктоо үчүн брокердин веб-сайтына кириңиз (аны адатта алардын веб-сайтынын төмөнкү колонтитулунан табууга болот), андан кийин тиешелүү жөнгө салуучу орган менен текшериңиз. Ошондой эле брокердин өкүлү сиз ырастаган домендик аталышка ээ болгон электрондук почта дарегине электрондук кат жөнөтүп баарлаша алууңуз керек.

Жыйынтык: Фейсбуктагы араб тилинде жазылган баракча фейк брокер Телеграм-каналын Садыр Жапаровдун сүрөтү, “мамлекеттик жардам берилет” деген жазуу менен жарнамалаган. Бирок каналдын Садыр Жапаров, мамлекеттик жардам тууралуу маалымат жок. Алдамчылардын кайырмагына илинип калуудан сак болуңуз!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты