Жасалма паспорт, жасалма лицензия менен Телеграм аркылуу “адал” акча табуунун жолдорун үйрөткөн «брокерлер». (Фактчекинг)

Акыркы убактарда социалдык тармактарда “Үйдө отуруп, Телеграм аркылуу адал акча тапканды үйрөтөм” деген жарнамалар көбөйүүдө.

“ПолитКлиника” медиасы бул жарнамалардын канчалык ишенимдүү экенин текшерип көрдү.

Телеграмдагы «акча табууга жардам берем» деген каналдар

Телеграмда “Ислам Кирешеси”, “Халяль”, “Алия”, “Назира” деген аталыштагы каналдар бар. Бул каналдарды өзүн “Динара”, “Алия”, “Зулфия” жана “Назира” деп атап алган аккаунттар модерация кылат. Алар ислам дининин шарттарында адал акча тапканды үйрөтөрүн жазышат.

Жасалма паспорт, жасалма лицензия менен Телеграм аркылуу “адал” акча табуунун жолдорун үйрөткөн "брокерлер". (Фактчекинг)

Жогоруда көргөнүңүздөй эле, бир эле адамдын сүрөтүн эки башка каналда “Динара” жана “Зулфия” деген ат менен каттап коюшкан. 

Бул каналдарда  “Үйдө отуруп, адал акча тапкыңыз келеби?”,  “Жашооңузду өзгөртүү өзүңүздүн колуңузда, азыр сизде эң мыкты мүмкүнчүлүк бар”, “Сиз өзүңүз кыялданган жашоодо жашап баштаңыз”, “Сиз коопсуз жана туруктуу киреше булагын издеп жүргөнсүзбү? Сиз аны таптыңыз!”, “Жашоо абдан кыска, сиз качан чыныгы жыргал жашоодо жашап баштайсыз, ойгонуңуз!” деген билдирүүлөр байма-бай келип турат.

Ал тургай, алар катталуучуларды ишендирүү үчүн “акчасын көбөйтүп, ийгиликке жетти” дегендердин каттарын дагы жүктөшөт.

Жасалма паспорт, жасалма лицензия

Биз жогоруда көрсөтүлгөн каналдардын бириндеги шилтеме аркылуу өтүп, “Динара” аттуу аккаунт менен байланышып көрдүк. 

Биз ага бетме-бет жолугуп акчаны колуна берүүнү сунуштаганыбызда ал азыр Москвада экенин жана онлайн гана иштей аларын айтты. Москвадагы дарегин жиберүүсүн сурансак, жооп берүүдөн баш тартты. Андан соң “Динарадан” паспорт менен лицензиясын жөнөтүүсүн сурандык. Ал бизге “Юсупова Динаранын” атына берилген жалпы жарандык паспорттун жана кесипкөй трейдердин лицензиясынын сүрөтүн жиберди. 

Бирок “Динара” жиберген паспорт менен лицензия экөө тең жасалма болуп чыкты.

Жасалма паспорт, жасалма лицензия менен Телеграм аркылуу “адал” акча табуунун жолдорун үйрөткөн "брокерлер". (Фактчекинг)

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, лицензиянын мазмуну төмөнкү талаптарга жооп бериши керек.

1 — Лицензиялоочу органдын аталышы;

2 —  Юридикалык жактын фирмалык аталышы;

3 — Жеке жактын фамилиясы, жеке ишкерлер үчүн — жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазманын каттоо номери;

4 — Иштин лицензиялануучу түрү;

5 — Лицензияны жана уруксатты колдонуу мөөнөтү;

6 — Ишти жүзөгө ашыруу аймагы;

7 — Лицензия жана уруксат берилген дата жана каттоо номери;

8 — Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.

Ал эми брокердик лицензиянын үлгүсү төмөнкүдөй болуушу керек:

Жасалма паспорт, жасалма лицензия менен Телеграм аркылуу “адал” акча табуунун жолдорун үйрөткөн "брокерлер". (Фактчекинг)

Бул үлгүдө бардык шарттар аткарылган. Ал эми “Динара” жиберген лицензияда мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар толук көрсөтүлгөн эмес. Тактап айтканда, юридикалык жактын фирмалык аталышы, лицензия берилген дата, катталуу номери, мыйзамдүү өкүлдүн колу көрсөтүлгөн эмес.

Мыйзамга ылайык, ар бир лицензия мыйзам талап кылган жогорудагы сегиз шарт толук аткарылганда гана жарактуу болуп саналат. 

“Динара” бизге жиберген паспорттун номерин мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан издесек, “мындай паспорт жок” деп чыкты. 

Жасалма паспорт, жасалма лицензия менен Телеграм аркылуу “адал” акча табуунун жолдорун үйрөткөн "брокерлер". (Фактчекинг)

Кызыгы, өзүн кыргызстандыкмын деген “Динаранын” паспортундагы сүрөттү “Каримова Зулфия” аттуу тажикстандык “брокер” дагы колдонуп, өзүнө жалган паспорт жасап алган.

Жасалма паспорт, жасалма лицензия менен Телеграм аркылуу “адал” акча табуунун жолдорун үйрөткөн "брокерлер". (Фактчекинг)

Ушул жылдын мартында трейдерлердин рейтингин чыгарган орусиялык Trader Rating аттуу платформада “Халяль Зулфия” Телеграм-каналы тууралуу макала жарыяланган. Анда “Халяль Зулфия” Телеграм-каналы фейк брокер экени айтылат. Жабыр тарткан инвесторлор акча таба албай, аманатын кайтарып ала албай калганын жазышкан. Кепилдик катары көрсөткөн паспорту дагы фейк экени аныкталган.

Жасалма паспорт, жасалма лицензия менен Телеграм аркылуу “адал” акча табуунун жолдорун үйрөткөн "брокерлер". (Фактчекинг)

Валюта рыногу жана фейк брокерлерден коргонуу жолдору

Валюта рыногу (Forex же FX) улуттук валюталарды алмаштыруу үчүн дүйнөлүк базар.

Валюта рыногу бүткүл дүйнө боюнча сооданы жана финансыны камтыган эң ири актив базары болуп саналат.

Брокер — инвестор менен баалуу кагаздар биржасынын ортосунда ортомчу катары иш алып барган жеке адам же фирма. Баалуу кагаздар биржалары ошол биржага мүчө болгон жеке адамдардын же фирмалардын заказдарын гана кабыл алгандыктан, жеке соодагерлер жана инвесторлор биржа мүчөлөрүнүн кызматына муктаж болот.

Валюта рыногунда акчаңызды онлайн инвестиция кылуу үчүн брокерди тандоодо төмөнкү жагдайларга көңүл буруу керек:

— Социалдык тармактарда өзүн каржылык кеңешчи катары көрсөткөн адамдардан этият болуңуз. Алардын кеңеши менен акчаңызды кантип инвестициялоо керектиги жөнүндө чечим кабыл алуу тобокедикти жаратат. Анткени валюта рыногунун 98 пайызын фейк брокерлер, башкача айтканда, алдамчылар түзөт;

— Сиз тандаган брокердин жоболорун жана шарттарын кылдаттык менен текшериңиз;

— Кепилденген кайтарым убадасына алданып калбаңыз. Салмаксыз талаптарды коюп, чоң кирешени убада кылган же инвестициялык кирешеге карата «кепилдик» деген сөздү колдонгондорго көңүл буруңуз. Эч кандай инвестиция же инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, ал тургай  рейтинги боюнча эң жороку кирешеси бар мамлекеттик облигациялар да пайда алып келүүгө кепилдик бере албайт;

— Ишенимдүү булактардан брокер тууралуу сын-пикирлерди издеңиз.

Брокердин жөнгө салынганын жана алардын ишеним грамоталарын текшерүүдөн тышкары, калыс булактардан келген сын-пикирлерди окуу маанилүү.

— Сиздин брокериңиз улуттук жөнгө салуучу органдын кара тизмесинде же эскертүү тизмесинде эмес экенин текшериңиз; 

— Лицензиянын номерин жана жөнгө салуучу маалыматын аныктоо үчүн брокердин веб-сайтына кириңиз (аны адатта алардын веб-сайтынын төмөнкү колонтитулунан табууга болот), андан кийин тиешелүү жөнгө салуучу орган менен текшериңиз. Ошондой эле брокердин өкүлү сиз ырастаган домендик аталышка ээ болгон электрондук почта дарегине электрондук кат жөнөтүп баарлаша алууңуз керек.

Жыйынтык: Телеграмдагы “Халяль”, “Ислам Кирешеси”, “Алия”, “Халяль Зульфия”, “Назира”  аттуу каналдар фейк брокер болуп саналат. Алардын кайырмагына илинип калуудан сак болуңуз!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты