“Миллион сомго жакын акчамды алдаттым”. Телефон шылуундарынан кантип сактанууга болот?

Социалдык тармактарда телефон шылуундарынын ишмердүүлүгү күчөгөнүн жазгандар көбөйүп жатат. Жабырлануучулардын айтымында, туугандарынын атынан телефон чалуулар келип, чоң суммадагы акча которууну же курьер аркылуу жөнөтүүнү суранышат. Ички иштер министрлиги телефондук алдамчылык фактылары боюнча билдирүүлөр түшүп жатканын билдиришип, жарандарды сак болууга чакырып жатышат.

“ПолитКлиника” медиасы телефон шылуундары кантип иш алып барышат, алардан кантип сактануу керектигин текшерип көрдү. 

“Оор абалда жатат. Акча керек!”

Шылуундар жарандарга телефон номери аркылуу байланышка чыгышат. Көп учурда үй телефондоруна чалышат. Алар жакын тууганы же болбосо күч органдарынын, саламаттыкты сактоо, куткаруучу кызматтардын кызматкерлери катары чалышат. “Кызыңыз кырсыкка кабылды, оор абалда, операцияга акча керек!” деп эмоционалдык фондо алдоого аракет кылышат.  

Дал ушундай шылуундарга алданып калган жабырлануучу 1,5 миллион сомго жабыр тартканын айтып берген. Бул видеону Ички иштер министрлиги жарыялаган: 

Чалгандар азыр трубканы сиңдиңизге беребиз, өзү менен сүйлөшүңүз” деди. Ал менин атымды атап ыйлады… Анын үнү мага сиңдимдин үнүнө окшош сезилди. “Мен жол кырсыгына кабылдым, мени сүзүп кеткен кыз аялдаманы сүзүп алды. Суранам эжеке, акча таап салып жиберчи. Мен сага кайтарып берем” деди. Биринчи 120 миң сом бердим, кайра 500 миң рубль, 160 миң сом, унаа сатып алам деген 8 000 долларды бердик”, — деген жабырлануучу

Алар жасалма интеллектти дагы колдонуп башташты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев азыр шылуундар жасалма интеллектти колдонуп баштаганы боюнча Телеграм-каналына жарыялаган.

“Кыргызтелекомдон” же уюлдук телефонуңуздан чалып, үнүңүздү жаздырып алышат. Жасалма интеллекттин жардамы менен сиздин үнүңүз аркылуу үй-бүлөңүзгө жана досторуңузга чалышат. Бул нерсеге бөгөт коюу үчүн милиция бөлүмүнө арыз жазуу керек. Анан милиция алардын бетин ачып берет деп үмүттөнүшөт. Менин тааныштарым арыз жазган, өзүм дагы шылуундар боюнча кат жөнөткөм. Бирок Ички иштер министрлиги азыркыга чейин жооп берген жок. Бул узак жана бюрократиялык процесс”, — деди эл өкүлү.

Мындан улам Бекешев байланыш оператолорун шылуундук телефон чалуулар боюнча арыз-даттанууларды кабыл алып, алардын негизинде алдамчылардын номерин аныктап, бөгөттөөнү милдеттендирген мыйзам долбоорун киргизүүнү сунуштай турганын билдирген.

“Улгайган курактагы адамдар көп алданып калат”

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башкы тергөөчүсү Диана Нурлан кызы телефон шылуундары окшош схема иштеп жатышканын айтып берди: 

“Телефон шылуундарынын схемасы өтө жөнөкөй. Алар жарандардын номерлерине шылуундар байланышка чыгып, туугандары же болбосо күч органдары, саламаттыкты сактоонун кызматкерлерибиз деп өздөрүн тааныштырып, жакындарынын кырсыкка кабылганын кабарлап, акча талап кылышат. Шылуундарга акча которуп жибергендер дагы бар. Бул учурлар боюнча тактоолор жүрүп жатат. Тергөө иштери аяктаганда кошумча маалымат берилет”.

Биринчи радионун түз эфиринде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Талантбек Асаналиев көп учурда улгайган курактагы жарандар алдамчылардын капканына түшүп жатышканын айтып берди:

“Көп учурда телефон шылуундарга пенсия курагындагы жарандар алданып калып жатышат. Эмоциядан улам улгайган адамдар шылуундар менен сүйлөшө башташат, алар мындан пайдаланып, жакындары, балдары же неберелери тууралуу жетектөөчү суроолорду беришет. Жабырлануучулар аты-жөнүн аташат. Ошондон кийин шылуундар кандайдыр бир психологиялык чабуулду башташат. Алар авария болду же башка кырсык болду, тез арада акча чогултуп материалдык зыяндын ордун толтургула, курьер азыр келет, ага бергиле дешет. Кээ бир жарандар акча чогултуп, чындап эле келген курьерге акчасын беришет”.

Кантип сактанууга болот? 

Уюлдук операторлор жарандарга өзүн жана жакындарын шылуундардан коргоо боюнча кеңештерин берип келишет

1. Өзүн сиздин тууганыңыз, досуңуз же таанышыңыз болуп тааныштырганды жана акча каражаттарын которуу, төлөм карталарын жүктөө тууралуу маалыматтарды кайра-кайра текшериңиз. 

2. Кандайдыр бир акцияларга/байгелерди ойнотууга катышардын алдында биздин компаниянын маалымат алуу-сурап билүү кызматына чалып, чынында эле акция/ойнотуу өткөрүлүп жатабы же жокпу деп тактаңыз.

Мындан сырткары, укук коргоо органдары кыргызстандыктарды сак болууга жана улгайган туугандарына эскертүү берүүгө чакырды. Талантбек Асаналиевдин айтымында, эгер үй-бүлөңүзгө жана досторуңузга чалып, баары жайында экенин билүү мүмкүн болбосо, «102» кызматына чалып, кеңеш алсаңыз болорун айтты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты