Иликтөөчү журналист Болот Темировдун паспорту мыйзамсыз жокко чыгарылганбы? Текшеребиз

17-май күнү иликтөөчү журналист Болот Темиров Фейсбук баракчасы аркылуу паспорту жокко чыгарылганын билдирген. Анда бул кадам мыйзамсыз экени белгиленет. 

“Соттун чечими жок — тергөөчүнүн демилгеси  менен менин бардык паспортторум жараксыз деп табылды…”,- деп айтылат билдирүүдө. 

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун паспорту мыйзамсыз жокко чыгарылганбы? Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул чечимдин мыйзамдуулугун текшерип көрдү. 

Журналистке козголгон кылмыш иштери

Кыргызстандагы чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдүн автору катары белгилүү болгон Болот Темировго буга чейин бир канча берене менен иш козголгон. 

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун паспорту мыйзамсыз жокко чыгарылганбы? Текшеребиз

Ушул жылдын 22-январында күч органдары Болот Темировду кеңсесинен кармап кетишкен. ИИМден билдиришкендей, журналисттин чөнтөгүнөн маңзат табылып, ага кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууго азгыруу) боюнча иш козголгон. Бирок окуянын күбөлөрү маңзат анын чөнтөгүнө салынганын айтып чыгышкан. Кийинчерээк, экспертизадан Болот Темировдун маңзат колдонбогону жана наркотикалык зат салынган баштыкчада да бармак изи чыкпаганы аныкталган. 

Кийинчерээк, 20-апрелде Болот Темировго карата жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча  дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темировго баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Болот Темиров муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет.

Жасалма паспорт чуусу жана эки тараптын версиясы 

ИИМ: “Болот Темиров жасалма аскердик билет менен паспорт алган” 

Журналист Болот Темировго байланыштуу негизги айыптоолордун бири анын Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алганы деп жатышат.

Бишкек ШИИББдин версиясы боюнча, Темиров 1996-жылы Россиянын жарандыгын алып, 2008-жылы кыргыз паспортун мыйзамсыз алуу үчүн паспорттук столго “жасалма аскердик билет жана убактылуу күбөлүк” тапшырган. Ошондой эле, тергөө Темиров “жасалма документтердин негизинде алган паспорт менен” Кыргызстандын чек арасын 50дөн ашык жолу мыйзамсыз кесип өткөнүн белгилеген.

Ички иштер министрлигинин түшүндүрмөсүнө ылайык, ошол учурда паспорт алуу үчүн аскердик билет да талап кылынгандыктан Болот Темиров өзү эч качан кыргыз армиясында кызмат өтөбөгөндүктөн башка бир жарандын аскердик билетин алып, паспорт алуу үчүн тапшырган. Бул ишке катышкан Өзгөн районундагы паспорт бөлүмүнүн мурдагы үч кызматкерине дагы кылмыш иши ачылганы айтылып, бирок алардын ысымдары ачыкталган эмес. 

Бул боюнча Президент Садыр Жапаров да 25-апрель күнү “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде Болот Темировго коюлуп жаткан айыптар тууралуу айткан. 

«Болот Темировго кылмыш иши үч ай мурда эле ачылган. Бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Орусиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси дагы табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги дагы тастыктады. Мындай жасалма документ жасап алып жоопко тартылып жаткан адамдар жүздөп саналат. Болот Темиров — алардын бири гана. Ишенбесеңер журналисттерден турган комиссия түзүп барып, ИИМден кагаздарын көргүлө. ИИМ көрсөтөт. Жашыруун эмес. Болот Темиров журналист болгон үчүн резонанс жаралып жатат. Эмне, бизде “журналист болсоң эле кылмыш кыла бер, жоопко тартылбайсың” деген мыйзам барбы? Башкалардан эмнеси артык? Бардыгы бирдей жооп берет. Мыйзам Президенттен баштап жөнөкөй жарандар үчүн баарына бирдей. Ушуга баш ийели баарыбыз, ээнбаштык кыла бербей.”, — деп айткан Президент. 

Бирок, журналист Болот Темиров активисттер жана юристтер жарандык боюнча козголуп жаткан иште бири-бирине коошпогон жагдайлар бар экенин билдиришкен. 

Болот Темиров “Паспортумду кылдаттык менен жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин алганмын”  деп билдирди.

Болот Темиров 2008-жылы президенттик администрациянын катчылыгына караштуу жооптуу кызматта иштеген. Ак үйгө жумушка орношкондо анын тапшырган документтери кадрлар бөлүмү менен коопсуздук органы аркылуу тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөнүн, бирок анда эч бир маселе жаралбаганын билдирген.

“2008-жылы мен кызматка орношуу үчүн бардык документтеримди тапшырганда тиешелүү кызматтардын баары текшерген. Тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин гана мага аталган мамлекеттик кызматта иштөөгө макулдук берилген да. Анда менин ар бир документим кылдат текшерилген. Паспортум жасалма болсо, ошондо эле чыгат эле да. Мага кылмыш ишин ачып, ошондо эле далилдеп беришпейт беле?  Ошол 2008-жылы мен жаш адис катары иштеп жүргөндө Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Акылбек Жапаров жогорку кызматтарда отурушкан. Маселе жаралса, ошол кезде жаралмак. Болбосо, андан кийин чыкмак. Андан бери 14 жыл өтүптүр. Бул деген Болот Темировго эптеп эле илинчек таап, жаманатты кылып, анан мени отургузганга аракет болуп жатат”, — деп айткан. 

Улуттук коопсуздук органдарынын ардагери Таалайбек Жумадыловдун “Азаттык” сайтына берген маегинде, эгер Болот Темировдун паспорту жасалма болгондо, ал атайын текшерүүдөн чыгып калмак деди.

“Эгер Болот Темиров жасалма аскердик билет менен кыргыз жарандыгын алса, анда анысы атайын текшерүүдө аныкталмак. Анда ал мамлекеттик кызматта, болгондо да президенттик администрацияда иштей алмак эмес. Ага сырларга уруксат берилген болсо, анда УКМКга суроо жаралат”,- деп билдирген. 

Башкача айтканда, тергөө учурунда Темировдун жарандыгына байланыштуу бир канча суроо түшүнүксүз боюнча калган. 

Эскирген кылмыштын мөөнөтү жана тергөөчүнүн чечими 

Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин  58-беренесине ылайык “оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтү” жети жылды түзөт. 

Мыйзамга ылайык, “жасалма документ жасоо” үчүн максималдуу жаза беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу болгондуктан, бул оор кылмыштардын катарына кирет. 

Бирок, Темиров кыргыз паспортун 14 жыл мурун, тактап айтканда 2008-жылы алгандыктан эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен. Ал эми Темиров шектелген экинчи берене “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” айыбы боюнча максималдуу жаза эки жылга чейин эркинен ажыратуу — “анча оор эмес кылмыш” катары классификацияланат. Бул кылмыштын эскирүү мөөнөтү үч жылды түзөт. Башкача айтканда Болот Темиров айыпталып жаткан эки берененин тең эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен. 

Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинде белгиленгендей, айыптоо учурунда эскирүү мөөнөтү сөзсүз эске алынат. Ал эми жаза ошого карата берилип, кээ бир учурларда доонун убактысынын өтүшүнө байланыштуу жабылышы да мүмкүн. 

Ал эми, Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин 35-беренесинде тергөөчүнүн ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн. 

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун паспорту мыйзамсыз жокко чыгарылганбы? Текшеребиз

Ага ылайык, тергөөчү  текшерүүлөрдү, инвентаризацияны, экспертизаларды жүргүзүүгө укуктуу экени айтылат. Бирок, тергөөчүнүн компетенциясына айыпталуучу тууралуу кандайдыр бир чечим чыгарууга укуктуу экени белгиленген эмес. 

Дал ушул мыйзамдын кийинки беренелеринде бардык процесстер ишке ашырылгандан кийин соттук териштирүү жүргүзүлө турганы жазылат. 

Сот айыпталуучунун, жабырлануучунун, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, эксперттин корутундусун угуу менен чечим чыгаруусу зарыл.

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун паспорту мыйзамсыз жокко чыгарылганбы? Текшеребиз

Башкача айтканда, Кыргызстандын жарандыгы Жогорку соттун чечимисиз алынбашы керек. Бул тууралуу юрист Таттуубүбү Эргешбаева билдирген. Тактап айтканда, “Кыргыз Республикасынын жараны болуу укугу” кыргызстандык ар бир адам үчүн кол тийгис болгондуктан, тиешелүү текшерүүсүз жана соттун чечимисиз мындай чечимдерди кабыл алуу өтө талаштуу маселе болуп саналат. 

Жыйынтык: Мыйзам боюнча Жогорку Соттун чечимисиз жарандыкты жокко чыгаруу тергөөчүнүн компетенциясына кирбейт. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты