ИИМ зомбулукту алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүүдө

  • 11 месяцев мурун

Ички иштер министрлиги тарабынан мамлекеттик кызматкерлер арасында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана ага байланыштуу жоопкерчилик тууралуу маалымат берүү максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иш-чаралар ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан эки айлык пландын алкагында уюштурулган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

И-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлерине зомбулукка байланыштуу мыйзамдык жоопкерчилик тууралуу атайын презентация көрсөтүштү. 

Ошондой эле иш-чарада Бишкек шаардык мэриясынын зордук-зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборунун өкүлдөрү балдарга карата зомбулуктун кесепеттери тууралуу баяндама жасап, видеоматериалдар көрсөтүлүп, маалымат баракчалары таратылды.

Бул иш-чара Президенттин Администрациясынын тапшырмасына ылайык мамлекеттик кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу жана зомбулуктун алдын алуу максатында өткөрүлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты