ИИМ академиясынын курсантынын өлүмүнө шектүү жаран эки ай камакта калтырылды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 13-майда Биринчи май райондук соту ИИМ академиясынын курсанты Айза Улан кызынын өлүмүнө шектүүнүн бөгөт чарасын карады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Биринчи май райондук сотунун токтому менен Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. Айза Улан кызынын өлүмүнө шектүү У.Э. эки ай камакта калтырылды. Ал Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесинде кармалат.

 9-январда Бишкектин Жибек Жолу жана Республика көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктөн “Тойота Эстима” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 24 жаштагы У.А. аттуу кызды сүзүп кетип, кыз окуя болгон жерде көз жумган. Маркум ИИМ Академиясынын курсанты болгон. Бул иш боюнча шектүү катары 48 жаштагы У.Н. аттуу жаран кармалган.

Ички иштер министрлигинин академиясынын курсантын өлтүрө сүзүп кеткен деген шек менен кармалган айдоочу үй камагына чыгарылган. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алды.

Сот бул чечим айыпталуучунун саламаттыгына байланыштуу кабыл алганын билдирди. Маалыматка ылайык, жактоочулар айыпталуучунун бешинчи стадиядагы бөйрөк оорусу менен ооруй турганы, бөйрөгүнүн өнөкөт оорусунан улам 2016-жылдан бери гемодиализ алып жүргөнү тууралуу медициналык документтерди көрсөтүшкөн.

Кечээ, 12-майда шектүү кармалганы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты