Ички иштер министрлиги укук бузуулардын бирдиктүү реестринин ээси болду

  • 12 месяцев мурун

Министрлер кабинети укук бузуулардын бирдиктүү реестрин ички иштер министрлигине (ИИМ) өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.

Мындай чечим өлкөдөгү укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу жана иштеп чыгуу системасын өркүндөтүүгө багытталган.

Токтомго ылайык, ИИМ укук бузуулардын бирдиктүү реестринин ээси болуп аныкталды, бул анын талаптагыдай сакталышы жана эксплуатацияланышы үчүн жоопкерчиликти билдирет. Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун техникалык оператору болуп дайындалды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты