HRW Жапаровду медиа жана адам укуктары мыйзамдарына вето коюуга чакырды
- 12 месяцев мурун
Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Жогорку Кеңеш кабыл алган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборду жоюп, аны Акыйкатчы институтуна бириктирүү тууралуу мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануусун билдирди.
HRWнин маалыматына ылайык, медиа тармагына байланыштуу мыйзам долбоору бийликке ЖМКларды каттоодон баш тартууга, алардын ишине тоскоолдук кылууга жана соттун чечими жок эле жабууга кеңири мүмкүнчүлүк берет.
Андан сырткары, Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор жоюлуп, парламент өлкөдө адам укуктарынын корголушуна олуттуу тоскоолдук жарата турган мыйзам долбоорун кабыл алып койгондугун белгилеген. Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму президент Садыр Жапаровду бул эки мыйзам долбооруна вето коюп, кайра Жогорку Кеңешке кайтарууга чакырды.
Парламент 25-июнда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда шашылыш кабыл алды.
Ошондой эле, 25-июнда Жогорку Кеңеш Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборду жоюп, аны Акыйкатчы институтунун курамына бириктирүү мыйзам долбоорун колдоду.




