«Хезболла” тобу лидери Сайед Хасан Насралла өлтүрүлгөнүн ырастады

  • 4 недели мурун

“Хезболла” тобу лидери Сайед Хасан Насралла өлтүрүлгөнүн  ырастады. Буга чейин Израил аскерлери Бейрутка авиа сокку урууда Насралланын каза тапканын мындан бир күн мурда билдирген.

Бул тууралуу  Reuters агенттиги жазды.  

“Хезболла” тобун Иран колдоп жүргөндүктөн, бул Иран үчүн да сокку болгону белгиленүүдө.

Өз билдирүүсүндө “Хезболла” тобу Израилге каршы “Газа жана Палестинаны” колдоп, ошондой эле Ливанды жактап, Израил менен күрөштү уланта берүүнү билдирди. Билдирүүдө Насралланын кантип өлтүрүлгөнү айтылган жок.     

Буга чейин Израил аскерлери Бейруттун түштүгүндө Дахие шаарына жакын аймакта “Хезболланын” көзөмөлүндө турган жер алдындагы штаб -квартирада Сайед Хасан Насралла өлтүрүлгөнүн билдирген.  

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты