Голливудга атаандашуу жана кадрлардын жетишсиздиги. Кыргыз кинематографынын азыркы абалы

Кыргызстанда канча кинотеатр бар? Алар жылына канча кино көрсөтүшөт? Көрсөтүлгөн кинонун канчасы кыргызстандык, канчасы чет өлкөлүк? Кыргыз кинематографында кандай көйгөйлөр бар?

Эгер сизди да бул суроолор кызыктырса, биздин дата-журналисттер жооп бергенге аракет кылып, кызыктуу фактылар менен бөлүшүшөт.

2023-жылы Кыргызстандын аймагында 43 кинотеатр иштеп жаткан. “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбордун маалыматы боюнча, акыркы он жыл ичинде бул кинотеатрларда ар кайсы өлкөлөрдөн жана ар кайсы жанрдагы 1934 фильм көрсөтүлгөн.

“Кыргызтасмасынын” маалыматы боюнча, акыркы жылдары кинотеатрларда көрсөтүлүп жаткан кинолордун саны өскөн. Мисалы, 2014-жылы кинотеатрларда көрсөтүү үчүн прокаттык күбөлүктү 40 гана фильм алса, 2024-жылы төрт ай ичинде эле прокаттык күбөлүк алган фильмдердин саны 120га жеткен.

Бирок, чындыгында, 2014-2018-жылдардын маалыматтары толук эмес болушу мүмкүн. Бул мезгилдеги айрым архивдик документтер сакталып калган эмес. «Кыргызтасмасынын» директору Талантбек Төлөбековдун айтымында, бул мекемедеги архивдик документтердин көбү жоголуп кеткендиктен, ошондой эле бул маалыматтарга буга чейин коомчулук тараптан кызыкчылык жок болгондуктан маалыматтар сакталган эмес:

«Тилекке каршы, кинопрокаттын күбөлүктөрү тууралуу маалыматтын көбү жоголуп кеткен. Анткени “Кыргызтасмасында” кадр алмашуу болуп, жаңы келген кызматкерлерге документтерди өткөрүп берүү болгон эмес. Архивибиздин абалына өзүңүз күбө болдуңуз. Көп жылдар бою буга көңүл бурулбай келген. Эми өзүбүздүн сайтыбызды жасоону пландап жатабыз. Ал жерде тасмалар, режиссёрлор, продюсерлер тууралуу бардык маалыматтар болот», — дейт «Кыргызстамасы» ишканасынын директору Талантбек Төлөбеков.

Мындан сырткары, Талантбек Төлөбеков ар бир тасманын прокаттан чогулткан каражатын көзөмөлдөө үчүн Rentrak онлайн системасын киргизүү пландалып жатканын билдирди. Бул система продюсердик компаниялардын жана кинотеатрлардын кирешелерин ачык көрүүгө мүмкүндүк берет.

Кинонун көбү Голливуддан

Биздин кинотеатрларда көрсөтүлгөн фильмдердин негизги өндүрүүчү өлкөлөрдүн географиясы абдан кеңири. Он жылдын ичинде Бразилия, Вьетнам, Колумбия сыяктуу 59 өлкөнүн тасмалары көрсөтүлгөн. Бирок, албетте, көпчүлүк тасмалар америкалыктар. Алар биздин тизмедеги тасмалардын дээрлик үчтөн бирин түзөт.

Ошондой эле, кинолору көп көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн катарына Орусия, Франция, Улуу Британия кирет.

Кызыктуу факт: Кыргызстанда кинотеатрда көрсөтүлгөн тасмалардын орточо узундугу 102 мүнөттү түзөт. Ал эми Мартин Скорсезе режиссёрлук кылган “Ай гүлүн өлтүргөндөр” тасмасы 206 мүнөт көрсөтүлүп, эң узун картина катары саналат. Тасманын окуялары Америкадагы мунай жана индейлердин айланасында болот. Башкы ролдордо Леонардо Ди Каприо жана Роберт Де Ниро.

Голливудга атаандашуу жана кадрлардын жетишсиздиги. Кыргыз кинематографынын азыркы абалы

Кыргыз тасмалары көбөйүп жатат

Келгиле, кыргыз тасмаларына кайталы. Өз учурунда “Кыргыз керемети” деп аталган кинематограф өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин оор заманга туш болгон. Токсонунчу, андан кийин эки миңинчи жылдары кинематограф токтоп калгандай. Андан сырткары, ал учурда коом да киного азыркыдай барчу эмес.

Бирок 2010-жылдардан тарта кыргыз кинорежиссерлору тасмаларды активдүү тартып, кинотеатрларда кыргыз тасмалары көбөйө баштаган. Ошол эле учурда, көптөгөн тасмалар чоң ийгиликке ээ болгон. Мисалы, Американы багындыруу үчүн кеткен кыргыз жигити тууралуу “Салам, Нью-Йорк” тасмасы, “Апамды издеп” комедиясы же “Курманжан Датка” тарыхый тасмасы көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан. Натыйжада, акыркы он жылдын ичинде үч жүзгө жакын кыргыз тасмасы кинотеатрларда көрсөтүлгөн.

Бирок биздин режиссёрлорду, продюсерлерди жалаң комедия жаратат деп сындагандар көп. “Биртууганчик”, “Напарниктер”, “Аяш” сыяктуу комедиялары менен таанылган режиссёр Бакыт Осмонкановго эмне үчүн көп режиссерлор комедия жаратат деген суроону берүүнү туура көрдүк. Анын айтымында, мунун бир нече себептери бар.

«Биз фантастикалык же боевик тасмаларды тарта албайбыз, анткени мындай тасмаларды тартуу үчүн көп каражат талап кылынат. Ошол эле трюктар, ошол эле атайын эффекттер абдан кымбат. Биздин кинодо, мисалы Голливуддагыдай, бюджет жок. Кошумчалай кетсек, кинотеатр – адамдардын эс алуу жана көнүл ачуу үчүн келген жер».

Бакыт Осмонканов

Ошол эле учурда Бакыт Осмонканов режиссёрлор азыр башка жанрларда – драма, триллер, жада калса коркунучтуу тасмаларды да тарта баштаганын кошумчалады. Анын айтымында, коомдо киного баруу маданияты өнүгө баштады, өз кезегинде бул башка жанрлардын өнүгүшүнө түрткү болууда.

Голливудга атаандашуу жана кадрлардын жетишсиздиги. Кыргыз кинематографынын азыркы абалы

Кызыктуу факт: Режиссер Нурлан Асанов тарткан “Каникул” тасмасы кинотеатрларга төрт жолу чыккан. Ал эми, кинотеатрларда көрсөтүлгөн эң узун кыргыз тасмалары катары “Америкага сүйүү менен” жана “Курманжан Датка” картиналарын айтса болот. Алардын хронометражы 140 мүнөткө созулган.

Кыргыз киносуна кызыккандар көбөйдү

Чынында эле, акыркы жылдары киносеанстарга сатылган билеттердин саны жүз миңдеп өсүүдө. Мисалы, 2022-жылы 2,4 миллион билет сатылса, 2023-жылы 3,3 миллион билет сатылып, алардын көбү Бишкек шаарына туура келген (дээрлик 2,7 миллион).

Анын үстүнө статистика кыргыз киносу жылдан жылга популярдуулукка ээ болуп жатканын, ата мекендик кино чет элдик тасмаларга атаандаштык көрсөтүп жатканын байкаса болот.

Бул кыргыз киносу үчүн абдан жакшы көрсөткүч. Мисалы, 2023-жылы бир ата мекендик тасмага орточо эсеп менен 34,6 миң адам кирсе, чет элдик тасмага 5,6 миң гана көрүүчү келет.

Биздин тасмалар Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөлөрдө да ийгиликжаратып жатат. Көптөгөн тасмалар Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана АКШда көрсөтүлүүдө. Алардын айрымдары престиждүү киносыйлыктарга да ээ болууда.

2020-жылы Чынгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” автордук тасмасы дүйнөлүк кинофестивалдарда 47 сыйлыкка ээ болуп, “Ника” киносыйлыгынын жеңген жана “Эң мыкты чет элдик тасма” категориясынды “Оскар” сыйлыгына сунушталган. Мындан сырткары, бул тасма кыргыз кино тармагында рекорд коюп, жалпысынан 53 сыйлыкка ээ болгон.

Дагы бир, бул ирет коммерциялык ийгилик жараткан кино катары Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасын айтса болот. “Кинопоисктин” маалыматы боюнча, бул тасма орусиялык жана дүйнөлүк прокатта эки миллион долларга жакын каражат чогулткан. Тилекке каршы, Кыргызстанда билеттердин баасы жана алардын сатылуусу боюнча маалыматтарды чогултуу системасы жок болгондуктан, биздин өлкөдө бул тасма канча акча чогултулганын билүү мүмкүн эмес.

Артыкбай Сүйүндүков белгилегендей, азыр автордук жана коммерциялык кино эки башка жол менен өнүгүп жатат. Анын айтымында, мындан да чоң ийгиликке жетүү үчүн идеяга, философияга негизделген тасмаларды тартуу керек:

Голливудга атаандашуу жана кадрлардын жетишсиздиги. Кыргыз кинематографынын азыркы абалы

«Коом кыргыз киносун көрө баштаганы бизди кубандырат. Азыр жаш режиссерлордун көбү комедия тартышат. Кандайдыр бир деңгээлде бул жакшы. Бирок ийгиликке жетүү, бүткүл дүйнөлүк прокатка чыгуу үчүн фильмдердин мааниси, философиясы терең болушу керек. Ошондой гана кинолор чоң кассаларды чогултуп, кинофестивалдарда ийгилик жарат».

Артыкпай Сүйүндүков

“Адистер жетишпейт, техника жана каражат жок”. Кыргыз кино көйгөйлөрү

Режиссер Бакыт Осмонканов аймактарда кыргыз киносун өнүктүрүү үчүн заманбап, жакшы жабдылган кинотеатрлар жетишсиз экенин белгиледи. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, эң көп кинотеатрлар Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкан. Ошол эле учурда өткөн жылы Бишкекте эки, Ошто бир кинотеатр жабылган.

Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотовдун айтымында, мамлекет ишкерлер менен биргеликте аймактардагы кинотеатрларды реконструкциялоону пландап жатат. Бул бир гана ата-мекендик эмес, дүйнөлүк тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары режиссёрлор да, чиновниктер да кыргыз кино тармагындагы дагы бир нече чоң көйгөйлөрдү белгилешет. Артыкпай Сүйүндүковдун айтымында, биздин режиссёрлорго билим жетишпейт.

«Бизде абдан таланттуу адамдар бар. Бирок аларга билим жетишпейт. Окуу керек, билимди өркүндөтүү керек. Ошол эле режиссёрлор, операторлор, сценаристтер Москвада жана башка шаарларда, өлкөлөрдөн курстардан өтө алышат. Эмне үчүн көп адамдар Голливуд тасмалары менен атаандаша албайт? Аларда акчадан тышкары мыкты актёрлор, режиссёрлор, операторлор да бар. Биз болсо чет өлкөдө техникалык талаптардан өтпөй турган тасмаларды тартып жатабыз, алар бизде гана көрсөтүлүп жатат», — дейт Артыкпай Сүйүндүков.

Кадрдык көйгөйлөрдөн тышкары режиссерлор техникалык жана каржылык көйгөйлөрдү белгилешет. Жогорку сапаттагы тасмаларды чыгаруу үчүн атайын камералар жана микрофондор керек. Бакыт Осмонкановдун айтымында, фестивалдарга жакшы, жанрдык тасмаларды тартуу үчүн жаш режиссерлорго мамлекет тарабынан каржылык колдоо жетишпейт.

«Абдан жакшы, таланттуу адамдар бар. Өкмөт аларга каржылык жактан жардам беришин каалар элем. Эл аралык фестивалдарга жакшы фильмдерди тартууга же олуттуу жанрдагы тасмаларды тартууга көп учурда акчабыз жетпей калат”, — дейт Бакыт Осмонканов.

Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов өлкөдө жакшы адистер жок экенин моюнга алып, квалификацияны жогорулатуу киночулардын өзүнөн көз каранды экенин белгилейт. Ошол эле учурда ал мамлекет кинорежиссерлорго жардам берүүнү пландап жатканын ишендирүүдө — жакын арада кинопавильонду куруу пландалып жатканын белгиледи.

«Биз азыр бир тасманы толугу менен тартуу үчүн бардык керектүү шаймандарды сатып алдык. Ошондой эле келерки жылы «Кыргызфильмдин» аймагында аянты 1400 чарчы метр болгон кинопавильондун курулушу башталат. Бул биздин режиссёрлорго спецэффекттерди колдонуу менен чоң эпикалык тасмаларды тартууга шарт түзөт”, — деп ишендирди Бекболотов.


Автор: «ПолитКлиника»

Иллюстрациялар: Александра Титова

«Бул макала Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн макаланын авторлору жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты