Мыйзамсыз менчиктештирилген имарат мамлекетке кайтарылды
- 1 год мурун
Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Гидрометеорология кызматына тиешелүү имарат мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталып, мамлекетке кайтарылды. Бул факт Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүп жаткан текшерүү иштеринин жүрүшүндө белгилүү болду.
Аталган объект 800 чарчы метр жер тилкеси менен бирге, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматына тиешелүү болуп, «Б» категориясындагы стратегиялык объект деп таанылган.
Маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында аталган жер тилкесинин мурдагы ээси кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугу мыйзамсыз болгонун моюнга алып, имаратты мамлекетке кайтарымсыз негизде өткөрүп берди.
Муну бөлүшүү




