Гүлгаакы Мамасалиева: “Саясий куугунтук, сындан коркуу ачык коомго алып келбейт” (ВИДЕО)

Саясий куугунтук, сындан коркуу ачык коомго алып келбейт. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева “ПолитКлиника” медиасынын “Тет-а-Тет” берүүсүндө билдирди. 

– Бийлик ачык саясатты жүргүзбөйт же тез чечимдерди кабыл албайт. Тиешелүү чечимдерди кабыл алса дагы, өз убагында жарандарды кабыл алып, аларга айтып жеткирип койбойт. Аны биз массалык маалымат каражаттарынан эле билип, айтып келебиз. 

Мисалы, табигый кырсык, сел маселесинде жергиликтүү бийлик тараптардын башын бириктирип оперативдүү иш алып барып, коммуникацияга баргандыгы бул жакшы нерсе. Себеби, буга чейин бейөкмөт уюмдарга каршы мыйзам кабыл алынбады беле, жергиликтүү бийлик бейөкмөт уюмдары менен иштебейм десе болот да. Жок, алар антпей коомдук уюмдарга “бизге психологдордун жардамы керек” деп атайын сураныч каттарын жиберип жатышты. Жергиликтүү бийликтин коомдук уюмдарга болгон ишеними чоң. Алар аны абдан жакшы билет. Муну саясатка аралаштырып эле депутаттар укук коргоочуларга каршы чыкпаса, жер-жерлерде жергиликтүү бийликтин коомдук уюмдарга болгон ишеними чоң. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) өз миссиясынан одоно чыгып кеткен. Ички иштер министрлигинин ишин, прокуратуранын ишин дагы өзүңө алып алган. Ал тургай социалдык маселелерге дагы, анын ичинде зордук-зомбулукка дагы киришип кетип жатат. Менин жеке пикиримде, УКМК мамлекеттин коопсуздугун карап, сырттан болгон коркунучту көзөмөлдөп турушу керек. 

Канчалык деңгээлде активисттер кармалган сайын жарандар эркин ойлонуп, сүйлөгөндөн коркуп калышат. Башкача айтканда, көмүскөдө бийликке болгон нааразычылык көбөйүп, бир күнү жарылышы мүмкүн. Бизде президентти, Ташиевди сындагандар түз эле түрмөгө кирип кетип жатпайбы.

Анысы аз келгенсип, биз шайлап алган депутаттар биздин үнүбүздү жеткизет десек, алардын мандаты алынып жатпайбы. Мындайча айтканда, эл таяна турган эч ким калбады. Булар, авторитардык жолго кетип жаткан саясатка каршылык көрсөтпөй, унчукпай отурган коомго алып келип атышат. Саясий куугунтук, сындан коркуу ачык коомго алып келбейт”. 

Сүрөт: Видео тасмадан алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты