Футбол: Лисицын Кыргызстандын башкы машыктыруучусу кызматын тапшырып кетти

  • 12 месяцев мурун

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицин кызматтан кетти. Кыргыз футбол союзу июнь айынын аягында мөөнөтү бүтө турган келишимди узартпоо чечимин кабыл алды. Ошондой эле, башкы машыктыруучу менен бирге анын курамадагы машыктыруучу штабы да ишти токтотту. 

Бүгүн, КФСтин вице-президенти Нурдин Букуев Максим Лисицындын менен жолугуп, Камчыбек Ташиевдин атынан жана футбол коомчулугунун атынан курамага кошкон чоң салымы жана профессионалдык эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Россиялык машыктыруучу Максим Лисицин бир жыл бою Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын жетектеди. Ал жетектеген маалда команда 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо баскычына чыгып, бул тарыхый ийгилик болуп калды. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты