Футбол: 2025-жылдын мыкты оюнчусу Эржан Токотаев болду
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 19-декабрда, борбор шаардын «Шератон» мейманканасында KFU Football Awards 2025 — жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын футбол тармагындагы эң мыктыларды сыйлоо аземи өттү.
Салтанаттуу сыйлык тапшыруу кечесине Кыргыз футбол бирикмесинин президенти Камчыбек Ташиев жана футболчулардын үй-бүлө мүчөлөрү катышты.
Аземдин алкагында төмөндөгү номинациялар боюнча жылдын мыктылары аныкталды:
«Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу- 2025» номинациясы Эржан Токотаевге ыйгарылды. Токотаев 170 миң сом сыйлык менен сыйланды.
Ошондой эле футболдогу башка номинациялар боюнча да жыл мыктылары аныкталды.
Футзал боюнча мыкты оюнчу — Шохрух Махмадаминов, 90 миң сом;
Кыз-келиндер футболунун мыкты оюнчусу — Нагима Туралиева, 90 миң сом;
Футбол боюнча мыкты жаш оюнчу — Кими Мерк, 90 миң сом;
Футбол боюнча мыкты машыктыруучу — Эдмар Ласерда, 170 миң сом;
Футзал боюнча мыкты машыктыруучу — Луис Бернат Молина, 70 миң сом;
Кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу — Антонио Меса, 70 миң сом;
Футбол боюнча мыкты калыс- Эрланбек Осмонов, 50 миң сом;
Футзал боюнча мыкты калыс -Нурбек Арстанбек уулу, 50 миң сом;
Мыкты футбол клубу 2025 – “Барс” футболдук клубу, 50 миң сом;
Мыкты регионалдык уюм –Чүй облусунун футбол ассоциациясы, 50 миң сом;
Мыкты спорттук уюм – Мурас окуу-машыгуу базасы, 50 миң сом;
Наамдар боюнча президенттин «2025–2034-жылдары Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык бир миллион сом өлчөмүндөгү атайын сыйлыктар тапшырылды.

Сүрөт: Кыргыз футбол биримдиги




