Францияда премьер-министр кызматына Габриэль Атталь дайындалды

  • 4 месяца мурун

Франциянын президенти Эммануэль Макрон премьер-министрлик кызматка 34 жаштагы Габриэль Атталды дайындады. Ал өткөн жылдын июлунан бери өлкөнүн билим берүү министри болуп иштеп келген.

Кызматтан кеткен Элизабет Борндун ордуна келген Атталь Бешинчи француз республикасынын тарыхындагы эң жаш өкмөт башчысы болуп калды.

Макрон өлкөнү «кайра куралдандыруу» долбоорун ишке ашырууда жаш премьер-министрдин энергиясына таянарын билдирди. Президент Жаңы жылдын алдындагы кайрылуусунда «кайра куралдануу» программасын жарыялаган.

Француз эл аралык радиосу белгилегендей, Макрон ал кайрылуусунда өзүнүн жакынкы саясий пландары жөнүндө айтып, экономиканы, мамлекеттик кызматтарды, өнөр жай жана технологиялар тармагын чыңдоо маанисинде бир нече жолу «кайра куралдануу» сөз айкашын колдонгон.

Франциянын жаңы премьер-министри Габриэль Атталь Макрондун жакын санаалаштарынын катарына кирет. Анын ысымы 2020-жылы өкмөттүн атынан COVID-19га байланыштуу абал боюнча маалымат бере баштаганда кеңири коомчулукка белгилүү болгон. Атталь өзүнүн гомосексуал экенин жашырбаган биринчи премьер-министр. Ал учурда Макрон түптөгөн «Кайра жаралуу» партиясынын башкы катчысы кызматын да аркалайт.

Сүрөттө: Габриэль Атталь (солдо) менен Эммануэль Макрон. AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты