Финансы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө

  • 1 год мурун

Бүгүн, 7-июнда, Кыргызстанда финансы жана экономика тармагында иштеген адистердин кесиптик майрамы белгиленип жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул тармактын кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи.

«Сиздердин эмгегиңиздер – улуттук экономиканын туруктуулугунун жана өнүгүүсүнүн негизи. Сиздер мамлекеттик бюджеттин туруктуулугуна, инвестициялык климатка, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга түздөн-түз таасир этүүчү чечимдерди иштеп чыгуудасыздар жана ишке ашырып жатасыздар», – деп белгиледи Касымалиев расмий кайрылуусунда.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча:

  • ИДП 9% га өстү;
  • Экспорт көлөмү 13% га жогорулады;
  • Түз чет элдик инвестициялар 872,6 млн доллардан ашты;
  • Бюджет 688,5 млрд сомго жетти.

Касымалиевдин айтымында, 2030-жылга чейин өлкөнүн ИДПсы 30 млрд АКШ долларына жетет деп күтүлүүдө. 2025-жылдын алгачкы 4 айында ИДП 11,7% өсүш көрсөткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты