Фактчек: Катарда Макрон менен футбол көргөн кыргызстандык чиновниктер

20-ноябрдан 18-декабрга чейин Катар мамлекетинде футбол боюнча дүйнө чемпионаты болуп өттү. Финалдык беттешке Катар тарабынан чакырылган президент Садыр Жапаров барып келди.

Bulak.kg сайты аталган чемпионатка Кыргызстанда чоң кызматтарда отурган дагы эки чиновниктин барганын аныктады. Алар оюнду стадиондун VIP-орундуктарында Франциянын президенти Эммануэль Макрондон алыс эмес отуруп көрүштү.

Фактчек: Катарда Макрон менен футбол көргөн кыргызстандык чиновниктер

Бир чемпионатта эки Садыр

Yahoosports спорттук сайты ФИФА президенти Джанни Инфантино менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон чогуу отурган сүрөтүн жарыялаган. Макалада Макрон жарым финалдагы Франция-Марокко (2:0) беттешине барганы жазылган.

Фактчек: Катарда Макрон менен футбол көргөн кыргызстандык чиновниктер
Башка сүрөттөрдө президент Макрондон жогорураак орундуктарда кыргызстандык эки чиновник отурганын аныктадык.
Алардын бири Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти Садыр Мамытов, ал эми экинчиси Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров экенин бизге бир нече өздүк булак тастыктап берди.
Фактчек: Катарда Макрон менен футбол көргөн кыргызстандык чиновниктер

Франция-Марокко жарым финалдык беттеши Катардын Эль-Хаур шаарында жайгашкан заманбап стадиондордун бири Эль-Байтта өткөн. Дал ушул талаада дүйнө чемпионатынын ачылышы да өткөрүлгөн.

Bulak kg ачык булактардан дүйнө чемпионатына барган жөнөкөй кыргызстандыктар менен расмий жүздөрдү издеп көрдү.

20-ноябрь күнү чемпионаттын ачылышына Кыргызстан футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков, Орто Азия футбол ассоциациясынын вице-президенти, КФСтин аткаруу комитетинин мүчөсү Дастан Конокбаев жана КФСтин башкы катчысы Нурдин Букуев катышкан.

18-декабрда президент Садыр Жапаров Аргентина-Франция финалдык беттешин көрдү.

Фактчек: Катарда Макрон менен футбол көргөн кыргызстандык чиновниктер
Модель Эркайым Абдуллаева (УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келини) өзүнүн Instagram баракчасына Qatar World Cup 2022 деген жазуу менен сүрөт жүктөгөн. Бирок, сүрөттө эркектин колу чагылдырылган.
Фактчек: Катарда Макрон менен футбол көргөн кыргызстандык чиновниктер
Мындан тышкары, Кыргызстандан барган катардагы футбол күйөрмандары билеттерди алганы менен Катарга кире албай калышканын айтып, нааразы болушкан.
Ачык булактарда жогоруда айтылган Кыргызстандан чемпионатка барган расмий жүздөрдөн башка эч ким жок.

VIP орундуктарга «алтын» билеттер

Катар футбол боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алган биринчи араб мамлекети болду.
Reuters басылмасы өздүк иликтөөсүн жүргүзүп, Катардагы дүйнө чемпионатынын оюндарына мелдештин тарыхындагы эң кымбат билеттер сатылганын аныктады.
Sports.ru сайтынын маалыматында, мундиалдын финалдык беттешине болгон эң жөнөкөй билеттердин баасы 6 миң долларга чейин жеткен.
Ал эми Садыр Мамытов менен Тойгонбай Абдыкаров отурган VIP-орундуктарга билеттердин баасы 22 миң доллардан башталган. Бул тууралуу The Times журналисти Мартин Циглер жазган. Анын маалыматында 22 миң долларлык билеттер эң жөнөкөй VIP-орундуктарга сатылган.
Циглердин айтымында, ФИФА алдын ала Катар талааларында алкоголь сатууга тыюу салганы менен VIP-орундуктагыларга шампан жана сыра сунушталган.
 
Фактчек: Катарда Макрон менен футбол көргөн кыргызстандык чиновниктер
Фактчек: Катарда Макрон менен футбол көргөн кыргызстандык чиновниктер
Илон Маск VIP-орундуктарда шарап ичүүдө

“Sugar daddy”

Фактчек: Катарда Макрон менен футбол көргөн кыргызстандык чиновниктер

Садыр Мамытов Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти болуп 2021-жылдын 10-декабрында шайланган. Ага чейин ал олимпиадалык резервдеги «Күлүк» спорттук мектебинин директору, ат спорту федерациясынын президенти, 2010-жылга чейин УОКтун вице-президенти кызматтарында иштеген.

OSOO.KG маалыматына ылайык, ал автоунааларды жана жеңил автотранспорт каражаттарын чекене саткан “Auto-Trad” ЖЧКсынын ээси.

Мындан тышкары, Мамытов Кыргызстанга шекер ташыган эң ири компания «Тамаск-Кант» ЖЧКсынын директору. Tazabek сайтынын маалыматында аталган компания өлкөдөгү эң күчтүү делинген 200 бизнестин бири.

Соцтармактарда Садыр Мамытов Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «Кыргызалтындын» мурдагы башчысы Умбеталы Кыдыралиевдин жакын досу экени айтылып жүрөт. Маалымат каражаттары «Тамаск-Кант» ЖЧКсы экс-депутаттын бизнес империясынын бир бөлүгү экенин жазышкан.

OSOO.KG сайтынын маалыматында компанияны Садыр Мамытов менен бирге Умбеталы Кыдыралиевдин бир тууганы – Марат Кыдыралиев жетектейт.

Фактчек: Катарда Макрон менен футбол көргөн кыргызстандык чиновниктер
Фактчек: Катарда Макрон менен футбол көргөн кыргызстандык чиновниктер
Солдон оңго: Умбеталы Кыдыралиев, Садыр Мамытов, Камчыбек Ташиев.  Фото:Sport.kg
Фактчек: Катарда Макрон менен футбол көргөн кыргызстандык чиновниктер
Солдон оңго: Умбеталы Кыдыралиев, Садыр Мамытов, Шайлообек Атазов. Фото:Sport.kg

“Токо” 

Фактчек: Катарда Макрон менен футбол көргөн кыргызстандык чиновниктер
Тойгонбай Абдыкаров Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп 2021-жылдын 4-июнунда дайындалган. Ага чейин Абдыкаров бир дагы теологиялык мекемеде иштеген эмес. ЖК депутаттарынын жардамчысы, кеңешчиси катары кызмат аткарган. Ал эми Игорь Чудинов премьерлик кылып турган кезде Өкмөттүн аппаратынын алдындагы мамлекеттик имараттар департаментин жетектеп турган.
2021-жылдын 26-декабрында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Тойгонбай Абдыкаровду мактап, «Токонун» келиши менен дин тармагындагы ызы-чуу азая түштү» деп белгилеген.
Юстиция министрлигинин маалыматында, Абдыкаров буга чейин дүң соода менен алектенген «Транс-Бутик» ЖЧКсынын директору болгон.
 
Фактчек: Катарда Макрон менен футбол көргөн кыргызстандык чиновниктер
Ошондой эле, «Жалалабадэлектро» ААК директорлор кеңешинин мүчөсү болсо, 2013-жылга чейин КР бокс федерациясынын вице-президенти кызматында болгон.
Фактчек: Катарда Макрон менен футбол көргөн кыргызстандык чиновниктер
Тойгонбай Абдыкаров (оң жагында) президент Садыр Жапаров менен

Чиновниктер эмне дейт?

Bulak.kg чиновниктерге байланышып, алардын Катарга болгон сапары ким тарабынан каржыланып, канча каражат кеткенин сурап билүүгө аракет кылды.

Тойгонбай Абдыкаровдун маалымат кызматы учурда жетекчиси чет өлкөдө дарыланып жатканын айтты. Алгач маалымат кызматы Тойгонбаев Катарга эмгек өргүүсү мезгилинде өз каражатына кеткенин билдирген. Бирок, алардан VIP-орундуктардын баасы канча болгонун тактап берүүсүн суранганда, пресс-катчы чиновник Катардын Улуттук олимпиадалык комитети тарабынан чакырылганын айтты.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Катардын Улуттук олимпиадалык комитети ортосунда кандай байланыш бар экендиги тууралуу суроо ачык бойдон калууда. Анын үстүнө Катардын олимпиадалык комитетинин расмий сайтында кыргыз чиновниктери чакырылганы тууралуу маалымат жок.

Ошондой эле Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин расмий сайтында президенттин Катарга барганы тууралуу маалымат жок.

Садыр Мамытов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Редакция аталган чиновниктердин пикирлери үчүн аянтча берүүгө даяр экенин билдирди.

Фактчек: Катарда Макрон менен футбол көргөн кыргызстандык чиновниктер
Жыйынтык: Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти Садыр Мамытов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына барып келишти. Чиновниктер оюнду VIP-орундуктарда Франциянын президенти Эммануэль Макрондон алыс эмес отуруп көрүштү.

Булак: Bulak.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты