“Европада Куранды өрттөштү!”: “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна байланыштуу манипулятивдүү чакырык 

28-июнда Шамурза Борукулов аттуу Facebook колдонуучусу Европада Куран китебинин өрттөлгөнүн жазып чыкты. Ал “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун токтоосуз кабыл алууга чакырып, мыйзамды колдоодон баш тарткан депутаттарды каралаган билдирүүнү бөлүшкөн. 

“Европада Куранды өрттөштү!”: “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна байланыштуу манипулятивдүү чакырык 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтарды текшерип көрдү. 

Сүрөттүн чоо-жайы. Окуя качан болгон? 

Борукулов Куран китеби ал билдирүүсүн жарыялаган күнү, тагыраак айтканда, 28-июнда өрттөлгөнүн жазган. Ага далил катары сүрөт дагы тиркеген. Анда колунда өрттөнүп жаткан китепти кармап турган адамды көрүүгө болот. 

“Европада Куранды өрттөштү!”: “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна байланыштуу манипулятивдүү чакырык 

Жогорудагы сүрөт ушул жылдын 21-январында Швециянын Стокгольм шаарындагы Түркиянын элчилигинин астында өткөн акция учурунда тартылган. Сүрөттөгү киши — оңчул саясатчы, Даниянын Исламга каршы “Stram Kurs” партиясынын лидери Расмус Палудан болгон. Ал Түркияга жана Щвециянын НАТОго мүчө болуусуна каршы өтүп жаткан акция учурунда мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген Куран китебин өрттөгөн. Палудандын бул кадамы Швециядагы жана бүткүл дүйнөдөгү мусулмандардын нааразычылык акцияларына чыгуусуна себеп болгон. Бир нече өлкөлөрдө мусулмандар массалык жүрүштөргө чыгышып, Курандын өрттөлүшүн сындашкан. Алар Швециянын, Нидерландынын желегин өрттөгөнгө чейин барышкан. 

Бул Расмус Палудандын ислам динине каршы жасаган биринчи аракети эмес. Ал буга чейин дагы бир нече жолу Куранды өрттөп, аны топ катары тээп футбол ойногон жана башка ушул сыяктуу радикалдуу аракеттерди жасаган. 

Анкара бул окуя боюнча расмий билдирүү жасап, буга чейин Швециянын бийлигине мындай акцияларды уюштурууга уруксат бербөөнү эскертип келгенин, бирок ага карабастан “сөз эркиндиги” деген шылтоону жамынып алып, антиисламдык аракеттерди жасап, мусулмандардын ыйык китебин өрттөгөнүн радикалдуу аракет, кылмыш деп баалап, кескин айыптаган. Ошол эле күнү Түркия Швециянын коргоо министри Пол Йонсонду 27-январга алдын-ала белгиленген иш сапарынын алкагында кабыл алуудан баш тарткан

Ал арада 28-июнда, дүйнөнүн булуң-бурчунда мусулмандардын майрамы Курман айт белгиленип жаткан күнү Стокгольмдогу башкы мечитте ирактык жаран Куранды өрттөдү. Ал окуя боюнча басылмаларга берген комментарийде Швециянын НАТОго кошулуу процедурасын саботаж кылгысы келбегенин жана бул маселенин чечилишин күткөнүн айткан. Буга чейинки ислам динине каршы болуп келген аракеттерден айырмаланып, бул жолу Куранды мусулман өлкөнүн жараны өрттөгөн. Окуя боюнча бир катар мусулман өлкөлөр комментарий берип, Швецияда антиисламдык аракеттердин биринчи жолу эмес, көп жолу кайталанып жатканын жана мындай экстремисттик кадамдарга акыл-эси жайында эмес адамдар барарын айтып, айыпташты. 

Чынында Куран өрттөө окуялары буга чейин болуп келгени чындык. Ал эми Шамурза Борукулов сөз кылган окуя да болуп өткөн. Аталган окуя 28-июнда эмес, 2023-жылдын жылдын 21-январында катталган жана сүрөт ошол учурда тартылган. Бирок Шамурза Борукулов байланыштырууну каалагандай, бул окуянын Кыргызстандагы “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана бейөкмөт уюмдарга таптакыр тиешеси жок. 

Куран өрттөөнүн себеби: Швециянын НАТОго кошулуу аракети жана Түркия менен тиреши 

Расмус Палудан Куран өрттөө аракетин жасап жатып, НАТОну жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды катуу сынга алган. Ирактык жаран да Куранды өрттөгөнүнүн себебин НАТОго байланыштырган. Ал Швециянын аталган уюмга мүчө болуусун акырына чейин күткөндүгүн, саботаж кылгысы келбегенин айткан. 

2022-жылдын 18-майында Швеция жана Финляндия НАТОго мүчө болуу үчүн расмий түрдө арыз берген. Уюмга мүчө 31 өлкөнүн 29у (Түркия менен Венгриядан башка)  протоколду ратификациялаган. 2023-жылдын башында Стокгольмдогу түрк элчилигинин жанында Куран өрттөлгөнүнө байланыштуу Түркия менен Швециянын ортосунда чыр-чатак чыккан. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Швециянын Түркияга каршы акцияларынан кийин Анкарадан НАТОго кирүү арызын колдоону күтпөш керектигин айткан. Ушул жылдын май айында Эрдоган CNN’ге берген маегинде Түркия Швециянын НАТОго кирүүсүнө макулдук берүүгө даяр эмес экендигин билдирген

Башкача айтканда, жогорудагы окуя НАТОго кошулуу боюнча Швеция менен Түркиянын ортосундагы келишпестиктерден улам чыккан. 

“Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндөгү  мыйзам 

19-майда Надира Нарматова, Шайлообек Атазов, Шайырбек Ташиев баштаган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары демилгелеген “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Аталган мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууларга жол ачты. 

Курч реакцияларга кабылган мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттардын айрымдары четинен колун чакыртып алышты. Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Лейла Лурова, Таалайбек Масабиров, Таалайбек Сарыбашов, Мейкинбек Абдалиев “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбооруна демилгечи болуудан баш тартты. Ошондой эле Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев, Бактыбек Чойбеков да демилгечилер катарынан чыккан. 

29-июнда парламент “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамды кароону күзгө калтырганы белгилүү болду.   

Белгилей кетсек, Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынганы аныкталган мыйзам долбоору кабыл алынса: кесепеттери дагы Орусиядагыдай болорун юристтер эскертишет. Ал эми Орусияда бул мыйзам кабыл алынгандан кийин укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын дээрлик баары жабылган. 

“Адилет” укуктук клиникасынын юристтери сунушталып жаткан мыйзам долбооруна кеңири анализ жүргүзүп, анда өлкөнүн Баш мыйзамы жана эл аралык укуктук документтер менен корголгон адам укуктары менен биригүү эркиндигине карата “катаал укуктук көзөмөл” киргизилгенин билдиришти.

 “Кыргызстандын аймагында бара-бара пикир айтуу, биригүү, тынчтык митингине чогулуу эркиндиги, мамлекеттик башкарууга катышуу жана коомдук көзөмөл сыяктуу маанилүү демократиялык институттар жеткиликтүү болбой калат”, – деп айтылат юристтердин анализинде.

Шамурза Борукулов деген ким? 

Башкы бетине Кыргызстандын бозгундагы президенти Курманбек Бакиевдин сүрөтүн коюп алган Шамурза Борукулов саясатта болуп жаткан ар бир окуяга курч реакция көрсөтүп турат. Ал бейөкмөт уюмдарды, эркин ЖМКларды, жарандык активисттерди, айрым саясатчыларды каралаган билдирүүлөрдү бөлүшүп келет. Шамурза Борукулов билдирүүлөрүнүн көпчүлүгүндө кастык тилин колдонот. Мисалы, бейөкмөт уюмдарды “бузуку”, депутаттардын айрымдарын “чимкириктер”, “гей” деп атаган жана башка ушул сыяктуу сөздөрдү колдонгон билдирүүлөрү бар.  

Акыркы күндөрү Надира Нарматова баштаган депутаттардын тобу демилгелеген “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамды колдоодон баш тарткан депутаттарды каралаган билдирүүлөрдү активдүү бөлүшүп жатат. Шамурза Борукулов Курманбек Бакиевди ачык эле колдоп, анын кылмыш жоопкерчилигине тартылуусуна каршы экенин да билдирип келет.  

“Европада Куранды өрттөштү!”: “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна байланыштуу манипулятивдүү чакырык 
“Европада Куранды өрттөштү!”: “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна байланыштуу манипулятивдүү чакырык 
“Европада Куранды өрттөштү!”: “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна байланыштуу манипулятивдүү чакырык 
“Европада Куранды өрттөштү!”: “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна байланыштуу манипулятивдүү чакырык 

Эмне үчүн мындай маалыматтарга ишенүүгө болбойт? 

Шамурза Борукулов өз билдирүүсүндө манипуляциянын бир канча элементин колдонгон. 

1) Борукулов “Бүгүн Европада ыйык Куранды өрттөштү” деген сөзү менен манипуляциянын “дезинформация” жана “душманды шайтанга айлантуу” деген  түрлөрүн колдонгон. Анткени Куран китеби мусулмандар үчүн ыйык болгондуктан, мындай маалыматтар адамдын ишенимине түздөн-түз таасир берет. Окуянын түпкү маңызын билбеген окурманга “Батыштын баары мусулмандарга каршы”  деген маанидеги сигнал берилиши мүмкүн. Бул өз кезегинде улут аралык түшүнбөстүк жана башка жагдайларга жол ачышы ыктымал.

2) Билдирүүдөгү “Батыштан келген акчалар көзөмөлдөнүп Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам кабыл алынсын” деген чакырыкта, манипуляциянын “логикалык ката” деген түрүн колдонгон. Анткени автор “Батыш куранды өрттөдү” деген билдирүүсүнөн кийин дароо Кыргызстандагы мыйзамга өткөн. Чынында экөөнүн ортосунда эч кандай байланыш жок.

3) Шамурза Борукуловдун “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамды” кабыл албагандар ЛГБТ өкүлдөрү” деген сөзүндө манипуляциянын “каралоо” жана “лингвопропаганда” деген түрлөрү колдонулган. Анткени автор белгилегендей депутаттар ЛГБТ өкүлдөрү болгону үчүн эмес, сунушталып жаткан долбоордун Кыргызстан үчүн зыяндуу жактары көп болгону үчүн баш тартышканын билдиришкен.  

Жыйынтык: Европада активисттер тарабынан Курандын өрттөлгөнү чын. Бирок Борукулов тиркеген сүрөт 28-июнда эмес, 21-январда тартылган. Шамурза Борукулов билдирүүсүндө кастык тилин жана манипуляциянын элементтерин колдонгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты