Орусиянын жолун улай. “Чет элдик тыңчы” мыйзам долбоорунун тарыхы, алып келчү кесепеттери жана Орусия менен байланышы
- 1 год мурун
- Баяндар, Фактчекинг
19-майда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Надира Нарматова, Шайлообек Атазов, Шайырбек Ташиев баштаган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары.
Коомчулукта “чет элдик тыңчы” жөнүндө мыйзам долбоору” деген ат менен белгилүү бул документ кайрадан кызуу талкууга жол ачты.
“Детектор” долбоорунун алкагында дал ушул сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун жана анын Орусия менен байланышын талдайбыз.
Коммерциялык эмес уюм деген эмне?
Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюм” жөнүндө мыйзам 1999-жылы 15-октябрда кабыл алынган. Ага ылайык, коммерциялык эмес уюм — бул кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизинде руханий же башка материалдык эмес керектөөлөрдү өз мүчөлөрүнүн жана (же) бүткүл коомдун кызыкчылыгында жеке жана (же) юридикалык жактар тарабынан түзүлгөн, алар үчүн пайда табуу иштин негизги максаты болуп саналбаган, ал эми табылган пайда мүчөлөрдүн, уюштуруучулардын жана кызмат адамдарынын ортосунда бөлүштүрүлбөгөн ыктыярдуу өз алдынча башкарылуучу уюм.
Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынган
Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун биринчи вариантын депутат Надира Нарматова өткөн жылы сунуштап, ноябрь айында коомдук талкууга алып чыккан. Анда “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө мыйзам менен “Кылмыш-жаза” кодексинен тышкары, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо” жөнүндө мыйзамга дагы өзгөртүү киргизүү сунушталган.
Factcheck.kg басылмасы Нарматова демилгелеген мыйзам долбоорун анализдеп, анын дээрлик 90%ы же сунушталган 25 түзөтүүнүн, 23ү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган.
Басылма депутат Нарматова Орусиянын “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө мыйзамындагы “чет элдик тыңчы” түшүнүгүн өзүнүн мыйзам долбоорунда “чет элдик өкүл” деп бергенин белгилеген.
Орусиянын “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө мыйзамына өткөн жылдын аягында түзөтүүлөр киргизилип, чет элдик тыңчынын милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү пункттар алынып салынган.
Эми Орусиянын аталган мыйзамынын жаңы редакциясы менен Кыргызстанда Надира Нарматова баштаган депутаттар кайрадан сунуштап жаткан мыйзам долбоорун салыштырып көрөлү.
Кайрадан коомдук талкууга чыккан мыйзам долбоорунда “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө мыйзамга 23 өзгөртүү, Кылмыш-жаза кодексине бир түзөтүү киргизүү сунушталган. Алардын ичинен жалпы 13 өзгөртүү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлүп алынган. Таблицаны толук бул жерден көрө аласыз.
Мыйзамды демилгелөөдө Орусиянын изи
Мындай окшоштуктардын болуусу бекеринен эмес.
Ушул жылдын 25-апрелинде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиядагы расмий сапарынын алкагында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолуккан. Жолугушууда орус спикери “чет өлкөнүн кийлигишүүсүнө каршы аракеттенүүнү мыйзамдын негизинде жөнгө салуу жаатында” Орусия менен Кыргызстан тажрыйба алмашса болорун айткан. Ал бул жаатта Орусияда “эффективдүү” мыйзамдар кабыл алынганын белгилеген.
Володин дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Батыштан каржыланган коммерциялык эмес уюмдар “суверениттүүлүктү, мамлекеттүүлүктү бузууга аракет кылып жатканын” айтып, бул маселеде Кыргызстанга Орусиянын тажрыйбасы “пайдалуу” болорун кошумчалаган.
Андан кийин эле президент Садыр Жапаров 7-майда Москвага расмий сапары менен барды. Сапардын алкагында Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан. Жолугушуунун соңунда эки өлкө башчысы кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Анда эки өлкө маалымат коопсуздугун камсыздоодо кызматташтыкты күчөтөрү дагы белгиленген.
“Тараптар Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосунда 2021-жылдын 25-февралында кабыл алынган эл аралык маалымат коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматташтык тууралуу макулдашуунун жана Кыргызстандын президенти менен Орусиянын президентинин 2022-жылдын 9-декабрындагы эл аралык маалымат коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен билдирүүсүнүн негизинде өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүнү улантат”, – деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.
“Азаттык” радиосу жогоруда мисал катары келтирилген 2021-жылкы өкмөттөр аралык макулдашууда “үчүнчү тараптардын ички иштерге кийлигишүү, коопсуздукка, аймактык бүтүндүккө шек келтирүүчү жана стабилдүүлүктү бузуп, түрдүү жаңжалдарды уюштурууга болгон маалыматтык аракеттерге каршы биргелешип күрөшүү” шарты белгилененин жазган. Ага ылайык, бул үчүн тараптар коркунучтарга каршы чараларды макулдашууну, чогуу координациялоону, маалымат алмашууну, мыйзамдарды биргелешип иштеп, жолугушууларды уюштуруп турууну макулдашкан.
Надира Нарматова
Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Надира Нарматова 2021-жылы бийликчил партия “Ата-Журт Кыргызстандын” курамында Жогорку Кеңештин VII чакырылышын депутаты болуп шайланган. Нарматова буга чейин дагы чет жактардан каржыланган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылган. Ал эркин ЖМКларга, жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө, кыздардын эркиндигине ж.б. темаларга байланыштуу чуулуу билдирүүлөрдү жасап келгени менен коомчулукка белгилүү.
Өткөн жылы “ПолитКлиника” медиасы “Кадастр” мамлекеттик мекемесининин расмий базасындагы маалыматка таянып, Орусиянын Ош шаарындагы консулдугу жайгашкан имарат Надира Нарматовага таандык экенин аныктаган.
Жогоруда айтылгандай, бул Нарматованын бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн чектөөгө байланышкан биринчи демилгеси эмес. Ал 2014-жылдын май айында дагы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев менен “Чет элдик тыңчы жөнүндө” мыйзамды кабыл алууну демилгелеп чыгышкан. Кызыгы, Нарматованын Оштогу имараты аталган мыйзам демилгеленгенден бир айдан кийин, 2014-жылдын июнь айында Орусиянын консулдугуна ижарага бериле баштаганын Кадастрдын расмий маалыматынан көрө алабыз.
Надира Нарматова өткөн жылы декабрь айында “Азаттыкка” берген билдирүүсүндө консулдук жайгашкан имаратты кредитке алып, бирок аны төлөй албай калгандыктан банктын эсебине өтүп кеткенин айткан. Бирок 2023-жылдын 27-январына карата берилген Кадастрдын маалыматында имарат Нарматованын менчигинде экенин көрүүгө болот. Ал эми Орусиянын Ош шаарындагы консулдугунун расмий сайтында К.Бобулова 77 дареги көрсөтүлгөн. Демек, Нарматова азыркы учурга чейин имаратын Орусиянын Ош шаарындагы консулдугуна ижарага берип келет.
Аталган мыйзам долбоору кабыл алынса кесепеттери кандай болот?
7-чакырылыштын депутаттары сунуштаган мыйзам долбоорунда “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө мыйзамга “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм”, “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдун түзүмдүк бөлүмдөрү”, “Чет мамлекеттин өкүлүнүн функциясын аткаруучу коммерциялык эмес уюм” түшүнүктөрүн киргизүү каралаган.
«Чет элдик коммерциялык эмес уюм» деп чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, Кыргызстандан тышкары түзүлгөн жана уюштуруучулары же катышуучулары мамлекеттик органдар катары саналбаган уюмдар эсептелет.
“Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдун түзүмдүк бөлүмдөрү” болуп мамлекеттик катталууга тийиш болгон чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү саналат.
«Чет элдик өкүлдүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюм» катары Кыргызстанда эки критерий менен түзүлгөн уюмдар эсептелинет:
— чет өлкөдөн, эл аралык уюмдардан же чет өлкөлүк жарандардан финансы же башка мүлк алуу;
— Кыргызстандын саясий ишмердүүлүгүнө аралашуу, анын ичинде «чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыгы үчүн»;
Мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдун саясий ишмердүүлүккө аралашуусу деп «мамлекеттик органдардын өздөрү жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө багытталган чечимдерди кабыл алуусуна, ошол максатта коомдун пикирин калыптандырууга таасир этүүчү» саясий акцияларды каржылоо, уюштуруу жана өткөрүүсү аталат.
Мыйзамдагы түзөтүүлөрдө коммерциялык эмес уюмдардын ачык-айкындыгы тууралуу беренени болушунча кеңейтүү сунушталган. Мисалы, «чет элдик өкүлдүн милдетин аткарган» коммерциялык эмес уюмдун жылдык отчёту милдеттүү түрдө аудиттен өтөт. Ошондой эле, коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин көлөмү жана түзүмү, коммерциялык эмес уюмдун мүлкүнүн көлөмү жана курамы жөнүндө, анын чыгымдары, кызматчыларынын саны жана курамы жөнүндө, алардын эмгегине төлөө, коммерциялык эмес уюмдун ишинде жарандардын акысыз эмгегин пайдалануу тууралуу маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт.
Уюмдар жарым жыл сайын ишмердиги, жетекчиликтин курамы тууралуу отчёт берип турууга, ал эми каражатты сарптоонун, анын ичинде чет өлкөлүк булактардан алынган акчаны коротуунун максаттары боюнча документтерди квартал сайын берип турууга милдеттендирилет.
Мындан тышкары, «чет элдик өкүлдүн милдетин аткарган» коммерциялык эмес уюмдар жарым жыл сайын ЖМКга же интернет булактарына өз ишмердиги, демөөрчүлөрү, мүлкү жана сарпталган акчасы тууралуу маалымат берип туруусу керек.
«Чет элдик өкүлдүн милдетин аткарган» коммерциялык эмес уюмду жылына кеминде бир жолу пландык текшерүү болот, ал эми мамлекеттик органдарда күтүүсүз текшерүү укугу сакталат.
“Жарандык плафторма” уюмунун өкүлдөрү сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун карап чыгып, демилгеленген документ өлкөдө сөз эркиндигин, жарандык жана саясий укуктарды кубаттаган коммерциялык эмес уюмдарга багытталганын белгилешкен.
Эксперттердин пикиринде аталган мыйзам долбоору:
— коммерциялык эмес уюмдарды каттоо процедурасын өзгөртүүгө;
— мамлекеттик органдар тарабынан кошумча көзөмөлдү киргизүүгө;
— “чет элдик өкүл” түшүнүгүн киргизүүгө;
— жарандардын жекелигине жана укуктарына шек келтирген коммерциялык эмес уюмдар менен «чет элдик өкүлдөргө» кылмыш жоопкерчилигин белгилөөгө багытталган.
Юристтер аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери коммерциялык эмес уюмдарга чет элдик өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюм жана өлкөнүн саясий ишмердүүлүгүнө кийлигишип жаткан уюм катары жаңы укуктук статус киргизип жатканын белгилешет.
Анткени сөз болуп жаткан мыйзам долбооруна ылайык, эл аралык уюмдардан, чет мамлекеттерден жана алардын мамлекеттик органдарынан, чет өлкөлүк жарандардан каражат алып, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик өкүлдүн милдетин аткарган коммерциялык эмес уюм” болуп саналат.
Ал эми саясий акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан коммерциялык эмес уюмдардын аракети өлкөнүн саясий ишмердүүлүгүнө кийлигишүү катары бааланат.
Юристтер бул норма өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келерин айтышууда.
Ошондой эле алар аталган мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдарды көзөмөлдөө үчүн бийлик органдарына өтө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берерин белгилешкен.
“Адилет” укуктук клиникасынын юристтери дагы сунушталып жаткан мыйзам долбооруна кеңири анализ жүргүзүп, анда өлкөнүн Баш мыйзамы жана эл аралык укуктук документтер менен корголгон адам укуктары менен биригүү эркиндигине карата “катаал укуктук көзөмөл” киргизилгенин билдиришти.
Ошондой эле алар бул мыйзам долбоору Кыргызстанда кыска мөөнөттүү перспективада укук коргоо секторунун таптакыр жоюлуусуна алып келиши мүмкүн деп эсептешет..
“Кыргызстандын аймагында бара-бара пикир айтуу, биригүү, тынчтык митингине чогулуу эркиндиги, мамлекеттик башкарууга катышуу жана коомдук көзөмөл сыяктуу маанилүү демократиялык институттар жеткиликтүү болбой калат”, — деп айтылат юристтердин анализинде.
Алардын пикиринде, мыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөр отчеттердун жана көзөмөлдүн кеңири механизмин киргизүү менен бийликке коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө чексиз мүмкүнчүлүктөрдү берет.
“Адилеттин” юристтери депутаттар демилгелеген мыйзам долбоорунун негизги максаты “чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюм” макамын киргизүү деп эсептешет. Алардын пикиринде, мындай коммерциялык эмес уюмдарга отчеттор боюнча жаңы талаптар коюлуп, бул бирикмелер тыкыр көзөмөлгө алынат.
Мындан тышкары юристтер саясий ишмердүүлүк менен алектенген уюмдарга дагы “чет элдик өкүлдүн милдетин аткаруучу” макамы берилишине тынчсыздануусун билдиришүүдө. Алардын айтымында, сунушталып жаткан формулировакалар өтө бүдөмүк жана так эмес, ошондуктан аларды практикада өзүм билемдик менен колдонуу коркунучу жогору.
Жогорку Кеңештин депутаттары сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүп алганын эске алганда аталган өлкөдө коммерциялык эмес уюмдар менен болуп жаткан көрүнүштөр Кыргызстанда дагы кайталанышы мүмкүн экенин божомолдосо болот.
2013-жылдан ушул жылдын 2-июнуна чейин Орусияда жеке адамдарды, ЖМКларды жана уюмдарды кошкондо жалпы 614 “чет элдик тыңчы” каттоого алынган. Алардын ичинен 218 уюм “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндөгү мыйзамдын негизинде “чет элдик тыңчы” болуп табылган. Тизмеде бир гана чет элдик эмес, жергиликтүү уюмдар дагы бар.
Депутаттар каршы добуш берген: Он жылдан бери сунушталып келе жаткан мыйзам долбоорунун таржымалы
2012-жылдын 20-июлунда – мындан 11 жыл мурун Орусияда “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзамдын биринчи редакциясы кабыл алынган. Бул Орусияда коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарга, укук коргоочуларга, активисттерге жана маалымат каражаттарына сокку урган репрессиялык мыйзамдардын сериясынын башталышы болгон.
Бир жылдан кийин 2013-жылы ошол эле “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам долбоору Кыргызстанда депутат Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев тарабынан сунушталган. Бирок мыйзам долбоору ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев тараптан колдоо тапкан эмес. Мурдагы президент Бельгияга иш сапары менен барып, Евробиримдик менен НАТОнун өкүлдөрү менен жолугуп келгенден кийин актка вето койгон.
“Чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам 2014-жылы 26-майда Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова тарабынан Жогорку Кеңешке кайрадан сунушталган. Мыйзам долбооруна ылайык, “саясий ишмердүүлүк менен” алектенген коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик агент” макамын алышмак. Бирок ошол эле маалда мыйзам долбоорунун авторлору “саясий ишмердүүлүк” түшүнүгүнө так аныктама бере алышкан эмес.
Долбоордун авторлорунун бири Турсунбай Бакир уулу 2015-жылы “Азаттык” радиосуна берген маегинде бул мыйзам долбоору өлкөнүн саясий турмушуна түздөн-түз аралашып жүргөн 10 чакты гана бейөкмөт уюмга коркунуч жаратарын, калган уюмдар эч кооптонбой эле чет элден гранттарын алып, ишмердүүлүгүн уланта берерин белгилеген. Бирок ал 10 уюмдун атын да так айтып бере алган эмес. Ал эми ошол учурда Кыргызстан боюнча 1997-жылдан 2014-жылга чейин 5800дөн ашуун бейөкмөт уюм катталган болчу.
Сунушталган долбоор боюнча “Фридом Хаус” уюму, активисттер жана эксперттер бул мыйзам долбоордо кооптуу нормалар камтылып, сөз эркиндигине жана жарандык коомдун өнүгүшүнө коркунуч жаратарын белгилешкен. Ал эми бир катар демократияны коргогон уюмдар бул мыйзам кабыл алынса Кыргызстандагы сөз эркиндигине чоң доо кетерин эскертишкен.
Бул мыйзам долбоорун 2016-жылы Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан 111 депутаттын 65и каршы добуш берип, артка кайтарышкан. Талкууга катышкан көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоору жарандык коомду чектеп, Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетирерин билдиришкен.
Мыйзам долбооруна каршы күрөштө жеңишке жеткен Грузия
Ушул эле жылдын март айында Грузияда “чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзам долбоору “Грузия кыялы” партиясы тарабынан сунушталып, парламентте 150 депутаттын ичинен 76сы колдогон. Аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынгандан кийин он миңдеген демонстранттар парламенттин алдында чогулуп, эки күн бою көтөрүлүшкө чыгышкан. Айрымдары полицияга бензин бомбаларын, таштарды жана желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Элдин нааразычылыгынан улам президент мыйзам долбооруна вето койгон. Натыйжада мыйзам долбоору кайтарып алынган.
Грузия бийлигинин оппозициясы көптөн бери мыйзам долбоорун алып чыккан “Грузиянын кыялы” партиясын Орусиянын саясатына өтө жакын деп айыптап келет.
Тактап айтканда, Грузияда дагы “чет элдик агент” жөнүндө мыйзамды Орусияга жакын делген партия сунуштаган.
Жыйынтыктап айтканда, Надира Нарматова баштаган депутаттардын тобу сунуштап жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө мыйзам долбоору Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынган. Ал гана эмес, мыйзам долбоорун демилгелөөнүн аркасында Орусиянын бийлигинин издери да байкалып жатат. Юристтер, укук коргоочулар болсо аталган мыйзам долбоору кабыл алынса, Орусиядагыдай жарандык коомго кысым күчөрүн айтып келишет.