Европа Биримдигинин санкциялар боюнча өкүлү О’Салливандын Кыргызстанга келиши күтүлүүдө

  • 1 неделя мурун

26-февралда Европа Биримдигинин Санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливандын Кыргыз Республикасына иш сапары пландаштырылууда.

Бул тууралуу 3-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан видеоконференция режиминде өткөргөн жолугушуусунда айтылды.   

Видеоконференцияда  алар санкциялар, ошондой эле финансылык-экономикалык кызматташуу маселелери боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Кызматташтыктын туруктуулугун жана алдын алууну камсыз кылуу максатында санкциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн үзгүлтүксүз консультацияларды жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

26-февралда Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливандын Кыргыз Республикасына иш сапары пландаштырылууда, анын жүрүшүндө жогоруда айтылган маселелер боюнча талкуу улантылат.

Сүрөт коллажы: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты