Евробиримдикке мүчө мамлекеттер орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарууда
- 2 года мурун
Германия Орусиянын Берлиндеги элчилигинин 40 кызматкерин персона нон грата деп жарыялады. Алардын баары өлкө аймагынан чыгып кетиши керек.
Германия ТИМ башчысы Анналена Бербок бул чечимге комментарий берип жатып, дипломаттар “күн сайын эркиндикке жана коомдун биримдигине каршы иштешкенин” билдирди.
Бербок Киевдин четиндеги Буча шаарынын көчөлөрүндө тартылган сүрөттөр орусиялык жетекчилердин украиналыктарга каршы аёосуз мамилесин көрсөтүп турарын белгиледи.
ТИМ жетекчиси Москвага карата санкцияларды күчөтүүгө, украин армиясына колдоо көрсөтүүгө убада берип, НАТОнун чыгыш аймагын бекемдөөнүн үстүнөн иш алып баруу зарылдыгын айтты.
Орусия Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Мария Захарова «Интерфакска» 40 дипломаттын Германиядан чыгарылышы жоопсуз калбай турганын маалымдады. Германияда жалпысынан 104 орус дипломаты аккредитациядан өткөн.
Бул арада француз басылмалары бийлик 30дай орус дипломатын өлкөдөн чыгарууну чечкенин жазышууда. Париж алардын ишмердүүлүгү Франциянын коопсуздугуна каршы келет деп эсептөөдө.
4-апрелде Литванын бийлиги орус элчисин өлкөдөн чыгарууну чечкени кабарланган. Көп узабай Латвия дагы Москвадагы элчисин чакыртып, орус элчисин чыгарып жиберерин жарыялаган.