Евробиримдик соттун «Азаттыкты» жабуу чечимине тынчсыздануусун билдирди

  • 1 год мурун

3-майда Европа Биримдигинин (ЕБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү «Азаттыктын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу боюнча сот чечимине байланыштуу билдирүү таратты.

Анда өкүлчүлүк медиа мекеменин лицензиясын жокко чыгарган сот чечимин тынчсыздануу менен кабыл алганын билдирип, жогорку инстанциядагы сотту апелляциялык арызды адилеттүү кароого чакырган.

«Өкүлчүлүк эркин, көз карандысыз жана плюралисттик массалык маалымат каражаттарын сактоо туруктуу жана гүлдөп өнүккөн демократия үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгилейт», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин 1-майда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол кыргыз бийлигинин «Азаттык» радиосунун ишмердигин токтотуу аракетине байланыштуу билдирүү тараткан.

Ал «кыргыз өкмөтүнүн эркин медиага жасаган одоно чабуулун, «Азаттыктын» ишин токтотуусун айыптай турганын, эркин ЖМКларды чектөө Конституцияга каршы келерин» билдирген.

Ага чейин АКШнын мамлекеттик департаменти да кыргыз бийлигине кайрылып, «Азаттык” радиосунун ишин токтотуу тууралуу сот чечимине тынчсыздануу билдирген. Анда «Азаттыкка» байланыштуу жагдай президент Садыр Жапаровдун сөз жана басма сөз эркиндигин сактоо тууралуу айтканынан шек жаратары белгиленген. Мамлекеттик департамент «Азаттыктын» сот чечимине каршы бере турган арызын кылдат жана калыс кароого чакырган.

Бул кайрылууларга президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 3-майда жооп берип, «Азаттыкка» байланыштуу чаралар мыйзам чегинде көрүлгөнүн, сот өз алдынча чечим чыгарганын айтты. Ал айтылган сындарды орунсуз деп эсептей турганын, Кыргызстанда сөз эркиндигине жана эркин медиаларга чектөө жок экенин белгилеп, өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырган.

7-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья Чолпон Каримбаева «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарган.

26-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда маданият министрлигинин «Азаттык Медианын» ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арызы карална. Анда лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы каралды. Лингвист-эксперт Жийде Семенова суроолорго лингвист эмес, юрист эксперттер гана так аныктама бере аларын айтты.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу Бишкектин Ленин райондук сотунун «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу тууралуу «чектен чыккан» чечимине каршы даттанат. Бул тууралуу эл аралык медиа корпорациянын президенти Жейми Флай билдиргенин «Азаттык» жазып чыкты.

«Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат» деди Флай.

23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданган.

Доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп айткан.
Мындан тышкары “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат. Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин «Азаттыктын» ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты