Евробиримдик Кыргызстанга санариптештирүү тармагы үчүн 3 млн евро бөлдү

  • 4 месяца мурун

Евробиримдик 8-январда Кыргызстандын санарип өнүктүрүү тармагын колдоо үчүн Министрлер кабинетине 3 миллион евро (295 миллион сом) бөлдү.

Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 11-январда билдирди.

Ага ылайык, которулган каражат Жогорку технологиялар паркындагы санариптик инновациялык борбордун ишине көмөк көрсөтүүгө, жарандарга электрондук кызмат көрсөтүү үчүн “Санарип-Аймак” системасын өлкө аймагына жайылтууга жумшалат. Ошондой эле бул колдоо өлкөнүн киберкоопсуздугун бекемдөөгө, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылууга да тиешелүү.

Гранттык жардам менен министрликтердин жана өлкө аймагында санарип экономиканы өнүктүрүү үчүн маалымат базаларын түзүп, аны тейлөөгө да жумшалат.

“Ошондой эле бюджеттик колдоого электрондук башкарууну, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту өнүктүрүү үчүн Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин жардамы менен мамлекеттик органдар үчүн окутуу программалары да камтылат” деп айтылат маалыматта.

Расмий Бишкек Евробиримдик менен алакасын жакшыртууга кызыкдар экенин, уюмдун Кыргызстанга көрсөткөн жардамын жогору баалай турганын билдирип келет. Бул тууралуу былтыр 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өткөн “Европа Биримдиги — Борбор Азия” саммитинде президент Садыр Жапаров да белгилеген. Бул жыйынга Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел да катышып, уюм Кыргызстан менен мамилесин жогору деңгээлге чыгарууга кызыкдар экенин айткан.

Булак: Азаттык

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты