ЭТТКны жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча атайын комиссия түзүлөрү айтылды
- 2 месяца мурун
Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматында (МСК) Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кеңешме өткөрдү. Жыйында салык чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүү, электрондук товартранспорттук колдонмолорду(ЭТТК) киргизүүнүн жүрүшү, отчеттуулук көйгөйлөрүн четтетүү, электрондук системалардын иштеши ж.б.у.с. талкууланды.
Министрлер кабинетинин башчысы ЭТТКны жоюуга жол берилбестигин айтып, бирок бул процессти жөнөкөйлөтүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн жана ЭТТК талап кылынган товарлардын тизмесин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү изилденээрин кошумчалады.
Адылбек Касымалиев ишкерлер отчет тапшырууда кездешкен кезек күтүү, электрондук системалардын иштөөсүндөгү мүчүлүштүктөр сыяктуу көйгөйлөрдү тез арада жоюуну тапшырды.
Отурумдун жыйынтыгында МинКаб башчысы фискалдык органдын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу талдоо жүргүзүүнү тапшырды жана Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен ЭТТК киргизүүнүн жана жөнөкөйлөтүүнүн жыйынтыктарын изилдөө жана салык кызматынын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлөөрүн билдирди.