Эттин баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилет
- 12 месяцев мурун
Кыргызстанда эттин баасын туруктуу кармап туруу максатында мамлекеттик көзөмөл механизмдери киргизилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги кабарлады.
Белгилүү болгондой, мындай чечим Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында кабыл алынды.
Көзөмөлдүн негизги максаттары — эт баасынын өсүшүнө жол бербөө, малдын чек арадан өтүүсүн көзөмөлдөө жана экспортко сандык чектөө киргизүү болуп эсептелет.
Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына эт баасы боюнча туруктуу мониторинг жүргүзүү тапшырмасы берилди. Ал эми Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү кызматына мал ташуучу жеке ишкерлерди көзөмөлдөө жана Чек ара кызматы менен биргеликте аткезчиликке каршы иш алып баруу милдети жүктөлдү.
Белгилей кетсек, быйыл жыл башында өкмөт бодо малды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого убактылуу тыюу салган.




