Эскертүү: Сел жүрүү коркунучу 4-августка чейин сакталат
- 12 месяцев мурун
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-августунан 4-августуна чейин туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды коопсуздук чараларын так сактоого, арыктарды тазалап жээктерди бекемдөөгө, турак жайдын жанындагы суу өткөрүүчү жолдорду даярдоого жана сууга таштанды таштабоого чакырат.
Адистер жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу максатында алдын ала чараларды көрүүнү эскертет.
Муну бөлүшүү




