Эрнисбек Ормоков Манас шаарынын мэри кызматынан бошотулду
- 2 месяца мурун
Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кызматынан бошотулду.
Абдупата Маткаликов Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри болуп дайындалды.
Бул тууралуу тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.
Эрнисбек Ормоков Камчыбек Ташиев кызматтан бошотулгандан кийин кызматтан алынды.
Манас шаарынын ал кездеги мэри Эрнисбек Ормоков “Кабар” агенттигине берген маегинде Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев шаардык кеңештин ал кездеги төрагасы Орозбек Турдубеков экөөнү урганын ырастап, урса деле, тепсе деле ыраазы болорун айткан.
-Ал киши урушабы, керек болсо урабы, ал кишинин жүргүзүп жаткан саясатын биз колдойбуз. Камчыбек Кыдыршаевичтин, президенттин бүгүнкү күндө бир эле Манас шаары эмес, бүтүндөй кыргыз мамлекетине, кыргыз элине жасап жаткан иши өтө чоң. Ал кишилер урса деле, тепсе деле, биз ыраазыбыз. Себеби биз кайсы бир жерде туура эмес иш кылып алганбыз. Биз туура кабыл алып эле иштеп жатабыз. Экөөбүздү тең урду. Туура эмес иш кылсаң урат, тилдейт дегендей. Биз ага ыраазыбыз, ачыгын айтканда, себеби түз, туура жүрүшүбүз шарт,-деди Эрнисбек Ормуков.
Сүрөттө: Эрнисбек Ормоков. Интернет булактарынан




