Эрлан Бекчоро уулу: “Кара-Сууда табылган тоннелдерди биринчи Өзбекстан тарап тапкан”. Текшеребиз

Жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу Фейсбуктагы баракчасына Кара-Суудан табылган тоннелдерди биринчи Өзбекстан тарап тапканын жазды. “Кара-Суудан бир эмес үч туннель таптык деп” кино тартып жатышкандарынан шекшип турдум эле. Көрсө, Өзбек туугандар тапкандан кийин гана ошол видеодон кескилеп чыгарышчу тура чубактар. Ишенбесеңер интернеттен көргүлө” — деп жазды Бекчоро уулу.

Эрлан Бекчоро уулу: “Кара-Сууда табылган тоннелдерди биринчи Өзбекстан тарап тапкан”. Текшеребиз

Кыргызстан менен Өзбекстанды жер асты аркылуу байланыштырган 3 тоннель табылган

Алгачкы жолу Кыргызстанды Өзбекстан менен жер асты аркылуу байланыштырган тоннель 20-майда, Кара-Суу районунун Тельман айылында табылганын УКМКдан билдиришкен.

Маалыматка ылайык, тоннелдин тереңдиги 15 метр бийиктикте, кире бериш жери 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын, кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт. Жер астынан өтүүчү жол табылган аймактын ээси М.А. учурда Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар психиатриялык бөлүмүндө жаткандыктан, акыл-эсин аныктоого кайрадан экспертиза өткөрүү пландаштырылган. 

Эрлан Бекчоро уулу: “Кара-Сууда табылган тоннелдерди биринчи Өзбекстан тарап тапкан”. Текшеребиз

Экинчи жолу 4-июнда табылган. Ош облусунун Кара-Суу шаарында жайгашкан чарбалык турак жайдын бетон тротуарында эки өлкөнү байланыштырган тоннель аныкталган. Анын тереңдиги 17,5 метр бийиктикте, кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 сантиметр, кире бериштен чыгуусуна 155 метрге жакын болгон. Бул тоннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын УКМКдан билдиришкен.

Эрлан Бекчоро уулу: “Кара-Сууда табылган тоннелдерди биринчи Өзбекстан тарап тапкан”. Текшеребиз

Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринде 11-июнда дагы бир тоннель аныкталган. Үйдүн ээси М.И. аттуу Кыргызстандын жаран. Тергөө учурунда М.И. 2021-жылы сентябрда өзбекстандык «Рустам» аттуу таанышы менен Кыргызстандан Өзбекстанга товар жана чет элдик валютаны алып өтүү үчүн тоннель каза баштаганын айткан. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө органдары менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Эрлан Бекчоро уулу: “Кара-Сууда табылган тоннелдерди биринчи Өзбекстан тарап тапкан”. Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы Эрлан Бекчоро уулу жазган маалыматты текшерип көрдү.

Табылган тоннель боюнча видео Өзбекстандын ютуб каналдарына 17-июнда тараган. Бирок, видеодо 2022-жылы 22-январь деп датасы көрсөтүлгөн.

Эрлан Бекчоро уулу: “Кара-Сууда табылган тоннелдерди биринчи Өзбекстан тарап тапкан”. Текшеребиз

Ошону менен катар эле, Өзбекстандын kun.uz сайты 22-январда Анжиян жана Наманган облустарында DXX уюштурган иш-чарада 1 миллион 600 миң доллардан ашык валютаны Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылган кылмыштуу топ кармалганын жазган. Операциянын жүрүшүндө Анжиян облусунун Кургантепа районунда жашаган топтун бир мүчөсүнүн Кыргызстанга жер астынан өтчү жолу бар экени аныкталганы маалымдаган.

Эрлан Бекчоро уулу: “Кара-Сууда табылган тоннелдерди биринчи Өзбекстан тарап тапкан”. Текшеребиз

Ал эми Эрлан Бекчоро уулунун Кыргызстандын УКМКсы Өзбекстандын видеолорун кескилеп чыгарышкан деп жазганы чындыкка дал келбейт. УКМКнын басма сөз кызматы тарабынан эки видео жарыяланган. Видео тартылып жаткан учурда кыргыз тилинде сүйлөп жатканын көрүүгө болот.

Эрлан Бекчоро уулу: “Кара-Сууда табылган тоннелдерди биринчи Өзбекстан тарап тапкан”. Текшеребиз
Эрлан Бекчоро уулу: “Кара-Сууда табылган тоннелдерди биринчи Өзбекстан тарап тапкан”. Текшеребиз

Жыйынтык: Жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу Фейсбуктагы баракчасына Кара-Суудан табылган тоннелдерди биринчи Өзбекстан тарап тапкан деп билдирүү жасаган. Кыргызстан менен Өзбекстанды жер асты аркылуу байланыштырган тоннелди Өзбек тарап январь айында тапканы видеодо көрсөтүлгөн. Ал эми алардын видеосун Кыргызстан тарап чыгарган видео андан айырмаланат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты