УКМК кыргыз-өзбек чек арасында жашыруун тоннель табылганын кабарлады

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Телман айылынын аймагында Кыргызстан менен Өзбекстанды жер асты аркылуу байланыштырган жашыруун жол табылганын кабарлады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, бул тоннелдин тереңдиги 15 метр бийиктикте, кире бериши 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын, кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт.

УКМК бул жол табылган аймактын ээси учурда Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык ооруканада жатканын, анын саламаттыгын дагы текшерүү үчүн кайрадан экспертиза жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты