УКМК: «Кыргыз-өзбек чек арасын байланыштырган жер астындагы жашыруун тоннель табылды»

  • 2 года мурун

Кыргыз-өзбек чек арасын байланыштырган жер астындагы жашыруун тоннель табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июнда УКМК, Чек ара кызматынын башкармалыгы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көмөгү менен, ошондой эле Өзбекстандын өнөктөш кызматтары менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу шарында жайгашкан чарбалык турак жайдын бетон тротуарында Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстанды жер астындагы өтмөк менен байланыштырган тоннель табылды.

Туннелдин тереңдиги 17,5 метр бийиктикте, туннелге кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см, кире бериштен (Кыргыз өлкөсү) чыгуусуна (РУ) 155 метрге жакын экени аныкталган.

Учурда бул туннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелуу тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты