Кыргыз-өзбек чек арасында дагы бир жашыруун тоннель табылды

  • 2 года мурун

Ош облусунун Кара-Суу районунда Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырчу дагы бир жашыруун тоннель табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, 11-июнда аткезчилик иштерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Суу шаарындагы үйдөрдүн биринен тоннель табылган. Үйдүн ээси М.И.М. аттуу Кыргызстандын жараны экени аныкталган.

Тергөө учурунда М.И.М. 2021-жылы сентябрда өзбекстандык «Рустам» аттуу таанышы менен Кыргызстандан Өзбекстанга товар жана чет элдик валютаны алып өтүү үчүн тоннель каза баштаганын айткан. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө органдары менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК буга чейин дагы Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган тереңдиги 17,5 метрдик тоннель табылганын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты