Эмгек министрлиги: Кыргызстанда 7690 бош орун катталган

  • 12 месяцев мурун

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-июлуна карата өлкөдө 7690 бош орун жумушчулар тарабынан талап кылынууда, эң көп талап кылынган кесиптер жумушчу адистиктерге тиешелүү.

Бул тууралуу аталган министрлик сайтында маалымдады.

Кызматтар боюнча – 2 408 бош орун бар, аларды арасында:

– Мугалимдер (мектепке чейинки жана орто, жогорку окуу жайлар) – 902;

– Саламаттык сактоо кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 806;

– Социалдык кызматкерлер – 23;

– Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар – 398;

– Юристтер – 5;

– Экономисттер –  210;

– Психологдор – 26;

– Инженер – 38;

Жумушчу кесиптер боюнча – 5282:

– Компьютердик адистер (оператор, программисттер ж.б)– 435;

– Айыл чарба тармагы – 159;

– Соода агенттери (кассир, азык-түлүк эмес сатуучулар ж.б) – 286;

– Тигүүчүлөр –471;

– Курулуш тармагындагы кызматкерлер – 1 171; (механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.)

– Айдоочулар – 785;

– Кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер – 1 358 (чач тарач, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу, жеткирүү кызматтары ж.б.);

– Ар тараптуу жумушчулар – 617.

Бишкек шаарында – 4595 бош орун катталган, анын – 3361и жумушчу орун;

Ош шаарында– 780 бош орун катталган, анын – 573ү жумушчу орун.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты