ЭлТР VS “ПолитКлиника”. 10 миллион сомдук доо арыз. Бүгүн соттук отурум уланат

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ЭлТРдин “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызын кароо улантылат. 11-сентябрда өткөн соттук процессте Каржы министрлигинин, Энергетика министрлигинин өкүлдөрү күбө катары суралган. Анда «ПолитКлиника» медиасынын адвокаты Нурбек Сыдыков күбө катары суралып жаткан Энергетика министрлигинин өкүлүнө даярданып келүүгө мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчүн келтирип, отурум 20-сентябрга жылдырылган.

ЭлТР “ПолитКлиникадан” жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүүдө

4-февралда “ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген тема менен материал жарыялаган. Анда “ПолитКлиника” ЭлТРдин 31-январда жарыкка чыккан “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Бул материал жарыяланган соң ЭлТР “ПолитКлиниканы” жалган маалымат таратууга айыптап, телеканалдын жана анын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргенин айтып чыккан. 

20-февралда ЭлТР аталган материал боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылганы белгилүү болгон. Андан кийин Биринчи май райондук сотуна да кайрылып, арызы кабыл алынган эмес. ЭлТР арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.

Компания “ПолитКлиникадан” аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

ЭлТР VS “ПолитКлиника”. 10 миллион сомдук доо арыз. Бүгүн соттук отурум уланат

“ПолитКлиника” медиасы материал үчүн кечирим сурабай турганын, ЭлТРдин айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген.

Ал эми буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “ЭлТР” телеканалынын “ПолитКлиника” медиасынын сайтын бөгөттөө өтүнүчү менен жазган арызын четке каккан. Маалыматка ылайык, министрлик арыз жазууга себеп болгон материалда маалыматтар ишенимдүү ачык булактарданалынгандыктан ЭлТРдин арызын артка кайтарган.

ЭлТРдин доо арызы сотто апрель айынан тарта карала баштады

ЭлТРдин “ПолитКлиника” медиасына каршы арызын Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Жамиля Акылбекова карап жатат. Алгачкы соттук отурум 18-апрелде башталган. Анда ЭлТРдин “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча алдын ала угуу өткөн. Соттук отурумда ЭлТР телеканалынын юристи Азизбек Ибрагимов кийинки отурумга Финансы министрлигинин жана Энергетика министрлигинин өкүлдөрүн күбө катары чакыруу өтүнүчүн келтирген. Ал эми “ПолитКлиниканын” жактоочулары  доогерлер “ПолитКлиника” чыгарган материалда кайсы сөздөр чындыкка дал келбей турганын тактап берүүнү суранган. Судья бул өтүнүчтөрдү канааттандырып, кийинки соттук отурум 17-майга белгиленген.  

ЭлТР VS “ПолитКлиника”. 10 миллион сомдук доо арыз. Бүгүн соттук отурум уланат

17-майда соттук отурум уланып, судья ЭлТРдин юристин кайсы маалыматты төгүндөөнү суранып жатканын так жазып келүүгө милдеттендирген. Ошентип соттук отурум 6-июнга жылдырылган.

6-июндагы соттук жараянда ЭлТРдин юристи Азизбек Ибрагимов судьядан “ПолитКлиника” порталынын “электр энергиясы үчүн чет өлкөлөрдөн алынган карыз” тууралуу маалыматын жалган деп таап, аны өчүрүүнү милдеттендирүүнү суранган. Ал эми “ПолитКлиниканын” жактоочусу Алтынай Исаева материалдагы ар бир сүйлөмгө жооп берүү үчүн соттон убакыт берүүнү суранган. Мындан улам отурум 21-июнда өтмөй болгон.

21-июнда кезектеги соттук отуруму уланып,  ЭлТР өзүнүн арызын толуктап, тактап жазып келген. Жоопкер тарап өз жообун жана тийиштүү документтерин даярдоого убакыт суранган. Кийинки отурум 6-июлга белгиленген.

ЭлТР VS “ПолитКлиника”. 10 миллион сомдук доо арыз. Бүгүн соттук отурум уланат

6-июлда соттук отурумда жоопкер тараптын жактоочусу Алтынай Исаева “ПолитКлиниканын” материалында ачык булактардан алынган маалыматтар колдонулганын айткан. Ал коюлган доо негизсиз экенин белгилеген. Мындан улам жактоочу соттон арызды четке кагууну суранган. Жыйынтыгында отурум 17-августка жылдырылган.

17-августтагы жараянда эки тараптын видеоматериалдары көрүлгөн. Чакырылган күбөлөр келбегендиктен соттук отурум 11-сентябрда уланмай болгон.

11-сентябрда процессте күбөлөр суралган. Каржы министрлигинин өкүлүнө “ПолитКлиника” медиасынын жактоочусу Нурбек Сыдыков 2021-жылга чейин энергетика тармагына насыя алуу боюнча келишимге кол коюлуп, каржылоо азыр келип жаткан учурлар барбы деп суроо берди. Каржы министрлигинин өкүлү андай учурлар бар экенин айтты. Ошону менен катар эле Энергетика министрлигинин өкүлү дагы күбө катары суралды. Нурбек Сыдыков  күбө катары суралып жаткан Энергетика министрлигинин өкүлүнө даярданып келүүгө мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчүн келтирип, отурум 20-сентябрга жылдырылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты