ЭлТРдин «ПолитКлиникага» каршы доо арызы боюнча кийинки соттук отуруму 17-майга белгиленди
- 1 год мурун
Бүгүн, 18-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «ЭлТР» мамлекеттик телеканалынын «ПолитКлиника» медиасына каршы соттук отуруму өттү.
Анда эки тарап тең өз өтүнүчтөрүн келтиришти.
«ПолитКлиника» медиасынын жактоочусу Акмат Алагушев доогердин доо арызын толуктап келүү өтүнүчүн келтирди.
«Жалпы сюжетте айтылган маалыматтардын баары доо катары коюлуп жатат. Кайсы сөздөр, кайсы сүйлөмдөр туура эмес, чындыкка дал келбеген маалыматтарды доо арызга белгилеши керек. Жалпы видеосюжетте ар кандай маалыматтар бар. Доогер тарап кийинки отурумга доо арызды толуктап келүүсүн өтүнүч келтиребиз», — деди ал.
Ушул эле отурумда доогер тарап — ЭлТР мамлекеттик телеканалынын юристи Финансы, Энергетика министрлигинин өкүлдөрүн күбө катары чакыруу өтүнүчүн келтирди.
Сот эки тараптын тең өтүнүчтөрүн канааттандырып, кийинки отурумду 17-май 16.00гө белгиледи.
4-февралда “ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген тема менен материал жарыялаган. Анда “ПолитКлиника” ЭлТРдин 31-январда жарыкка чыккан “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.
Бул материал жарыяланган соң ЭлТР “ПолитКлиниканы” жалган маалымат таратууга айыптап, телеканалдын жана анын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргенин айтып чыккан.
20-февралда ЭлТР аталган материал боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылганы белгилүү болгон. Андан кийин Биринчи май райондук сотуна да кайрылып, арызы кабыл алынган эмес. ЭлТР арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.
Компания “ПолитКлиникадан” аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.
“ПолитКлиника” медиасы материал үчүн кечирим сурабай турганын, ЭлТРдин айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген.
Ал эми буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “ЭлТР” телеканалынын “ПолитКлиника” медиасынын сайтын бөгөттөө өтүнүчү менен жазган арызын четке каккан. Маалыматка ылайык, министрлик арыз жазууга себеп болгон материалда маалыматтар ишенимдүү ачык булактардан алынгандыктан ЭлТРдин арызын артка кайтарган.
Буга чейин Свердлов райондук соту жана Биринчи май райондук соту ЭлТРдин арызын кабыл албай койгондугу маалым болгон.
«ПолитКлиника» медиасынын аталган материалы бул шилтемеде.