«Электр станциясы» ААКына Эркин Тавашаров башкы директор болду  

  • 2 года мурун

«Электр станциясы» ачык акционердик коомуна (ААК) Эркин Тавашаров башкы директор болуп дайындалды.

Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.    

Буга чейин анда башкы директор болуп Таалайбек Бектенов иштеп келген.   

Эркин Тавашаров 1979-жылы 4-февралда туулган. ЖАМУнун инженердик-факультетин аяктаган. Чехиянын Брно шаарынан техникалык университетти жана Малайзия МТСП университетин бүтүргөн.  

Эмгек жолун Токтогул ГЭСинде автослесарлыктан баштаган. “Электр станциясына” башкы директор болгонго чейин энергетика министрлигинин алдындагы энергетика, тоо иштери жана өнөр жай көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп иштеген.   

Сүрөттө: Эркин Тавашаров. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты