“Электр станциялар” компаниясына башкы директор дайындалды

  • 6 месяцев мурун

Таштан Коңурбаев директорлор кеңешинин чечими менен “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун башкы директору болуп дайындалды.  

Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.  

Компаниянын мурдагы башкы директору Осмон Качкынбаев бул кызматты 2022-жылдын декабрь айынан бери аркалап келген.

Таштан Коңурбаев 1969-жылы туулган. Эмгек жолун Токтогул ГЭСтери Каскадында 2-баскычтагы токарынан баштап, буга чейин 4-баскычтагы электрослесары, электр цехинин мастери,ремонттоо боюнча жетектөөчү инженер, Токтогул ГЭСнин электр цехинин башчысы, инженердин орун басары, Курпсай ГЭСнин башчысынын орун басары, Токтогул ГЭСнин башчысы,”Камбар — Ата” ГЭСнин башкы инженери ,директору кызматтарында эмгектенип келген.

«Электр станциялар» ААК мамлекетибиздин 98% электр энергиясын,ошондой эле жылуулук электр энергиясын өндүргөн ири компания болуп саналат. Курамына 7 гидроэлектростанция, эки жылуулук электр борбору жана Бишкек жылуулук тармагы кирет.

Сүрөттө: Таштан Коңурбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты