Элчи Текебаев Германияда ишин баштады  

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев элчи катары миссиясын Берлин шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери, ошондой эле кыргыз-немис маданий коомунун өкүлдөрү менен жолугушуусунан баштады.

Бул тууралуу КР тышык иштер министрлиги билдирди.  

Жолугушуу 11-мартта өткөрүлдү.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары активдештирүү, Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу жана өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өзүнүн пландары жана идеялары менен бөлүштү.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты