ЭКСПО-2025. Осака шаарындагы көргөзмөдө Кыргызстандын павильону ишин баштады
- 3 месяца мурун
Кечээ, 13-апрелде, Япониянын Осака шаарында ЭКСПО-2025 дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук павильонунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш-чарага Япониядагы элчи Эркинбек Осоев, Кыргыз Республикасынын ЭКСПО-2025теги башкы комиссары Жалын Жээналиев, ишкерлер жана маданий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле андагы кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү катышты.
Улуттук павильон туризм, экотуризм, инновациялар, инвестиция тартуу жана маданияттар диалогун өнүктүрүү тармактарында улуттук артыкчылыктарды алдыга жылдыруу үчүн натыйжалуу платформа болоруна ишеним айтылды.
2025-жылдын 13-апрелинен 13-октябрына чейин ЭКСПО-2025 көргөзмөсүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын павильонунда презентациялар, ишкердик жолугушуулар, маданий иш-чаралар жана интерактивдүү көргөзмөлөр өткөрүлөт. Айрыкча кыргыз маданиятын, креативдүү индустрияны, экологиялык туризмди жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы