Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп Назарбек Малаев кайра дайындалды

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 1-апрелде, экономика жана коммерция министрлигинин Борбордук аппаратына министрдин орун басары Назарбек Малаев тааныштырылды.

29-мартта Назарбек Малаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буйругу менен министрдин орун басары болуп дайындалды.

Малаев буга чейин экономика жана коммерция министринин орун басары болуп иштеген. Соода, техникалык жөнгө салуу жана ЕАЭБ маселелерин көзөмөлдөгөн.

Ал кызматка дайындалганга чейин ЕАЭБдин координациялык башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.

2023-жылы 20-ноябрда экономика жана коммерция министринин төрт орун басары кызматтан бошотулган. Экономика жага коммерция министринин орун басарлары Назарбек Малаевди, Чыңгыз Макешовду, Кубанычбек Закенаевди жана Канатбек Абдрахмановду кызматтан бошотуу тууралуу буйруктарга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты