«Эки жылдан бери ооздоруна «ак ит кирип, кара ит чыгып» жатат». Садыр Жапаров камалгандар тууралуу  

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине 17-декабрда курган маегинде Кемпир-Абад боюнча камалгандар жана Бишкектеги ыш көйгөйүнүн айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди.

Президентке – Камактагы аялдардын энелери, тарапташтары сиздин атыңызга: “Айкөлдүк кылып чыгарып койсоңуз” деп ачык кайрылуу кылып атышат. Буга кандай комментарий бересиз? Чындап эле айкөлдүк кылып чыгарып койсоңуз болобу?-деп суроо берилгенде, мындай жооп узатты:

-Биринчиден, мага кайрылаардан мурда ошол камалып калган жакындарына кайрылыш керек болчу. Эки жылдан бери ооздоруна «ак ит кирип, кара ит чыгып» жатат. Мен үндөбөдүм. Көңүл да бурбадым. Теңелбейин дедим. Же эки жыл ичинде менин бир жолу каяша айтканымды уктуңарбы? Жок. Мындан ары да көңүл бурбайм.

Азыр мага кайрылып жаткан энелер эки жылдан бери эң жок дегенде бир жолу: «Ай кыздар, тартиптүү болгула, калп сөз сүйлөбөгүлө, жалаа жаппагыла, төңкөрүштөн айланасыңбы!» деп тыйып коюшпайбы. Кеч боло электе ошол аялдарга, кыздарга акыл үйрөтүшпөйт беле.

Экинчиден, ошол аялдарды колдорунан жетелеп алып төңкөрүш жасайбыз деген чогулушка мен алып барган жокмун да. «Сен жүз кишини, сен миң кишини портерлерге жүктөп кел» деп план түздүргөн жокмун. «Элди портерлерге жүктөп келгиле» дегидей эл ким аларга? Эл азыр баарын көрүп-билип турат. Кимдин ким экенин, ким кандай иштеп жатканын эң сонун билишет.

Экинчиден, аларды мен камаган жокмун. Күч органдарынын ар биринин мыйзам алдында, мамлекет алдында өз милдеттери бар. Ички жана тышкы коопсуздукка жооп беришет. Эгер милдеттерин так аткара албай, алдын албай, кечигип калышса, баары жооп беришет. Ошондуктан күч органдары кылдат иштеп, өз убагында басып калышты. Камашты. «Төңкөрүш жасайбыз» деп план түзүп атышса башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине «чыгарып кой» деп буйрук бере албайм. Мыйзамдар иштейт. Мындан ары мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Качанкыга чейин кичине бир нерсе болсо эле президент күнөөлүү деп жатып калабыз? Мен кийлигишпеген үчүн Октябрь окуялары боюнча баарын актап жиберишти. «Соттордун ишине кийлигишпегиле» деп эч кимди кийлигиштирбей жатам,-деди мамлекет башчы.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан 20дан ашык кишинин 19у 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылышууда.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын баарынын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартуу чечимин кабыл алды. 13-декабрда райондук сот бул иш боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Кадыровду, Асия Сасыкбаеваны, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловду, активисттер Эрлан Бекчоро уулун, Атай Бейшенбекти, Перизат Суранованы, саясатчылар Равшан Жээнбековду, Таалайбек Мадаминовду, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы, укук коргоочу Рита Карасартованы жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановду 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды.

13-декабрда сотко алынып келингендер сурак болбогонун, аларга мурда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген айып тагылса, азыр ал “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген беренеге алмаштырылып жатканын айтышты.

12-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев, Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов жана экс-депутат Орозайым Нарматова 20-февралга чейин камакта калган.

Ушул эле иш боюнча шек саналган Нурлан Асанбековдун үй камак мөөнөтү 20-февралга чейин узартылган.

Сүрөт коллажы: Азаттык.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты