Эки райондо кайра шайлоого 18, 486,7 миң сом сарпталат

  • 2 года мурун

2022-жылдын 27-февралында Бишкек шаарынын бир мандаттуу № 27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо окуругдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоо өтөт.  Аталган округдардагы кайра шайлоого 18, 486,7  миң сом чыгымдалат.  

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.  

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система боюнча өттү. Азыркы 120 орундун ордуна эми парламентте 90 орун болот. Бул 90 мандаттын 54үнө 21 партиядан 1004 талапкер, ал эми 36сына 282 талапкер ат салышты.

Ал эми Бишкектеги кээ бир участоктордо, атап айтсак, Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында «баарына каршы» добуштар эң көп добуш алган талапкердикине караганда көп болду. Шайлоо мыйзамынын 37-беренесинде «Эгерде башка талапкерге караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштары шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынан аз болсо, шайлоо болбой калды деп таанылат» деп жазылган. Мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөрү белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты