Эки округ боюнча шайлоо фондуна 27 920 120 сом түштү

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоого катышкан № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоо жөнүндө маалымат берди.

2022-жылдын 21-февралына карата талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 27 920 120 сом акча каражаты түшкөн. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан жабууга 23 285 298,18 сом сарпталган.

Шайлоо фонддору кайсы каражаттын эсебинен түзүлөт?   

Мыйзам ченемдерине ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн.

  • 150 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон талапкердин жеке каражаттарынан;
  • 1 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын каражаттарынан;
  • 200 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ар биринин ыктыярдуу кайрымдуулук каражатынан;
  • 500 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ар биринин ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.

Мында бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 10 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык, 2022-жылдын 21-февралына карата талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 27 920 120 сом акча каражаттары түшкөн. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан жабууга 23 285 298,18 сом сарпталган (төмөнкү таблицаны караңыз):

АталышыТүштүСарпталды
1№ 27 Биринчи май шайлоо округу12 162 500.009 306 067.18
2№ 29 Свердлов шайлоо округу15 757 620.0013 979 231.00
 Бардыгы:27 920 120.0023 285 298.18

Бул тууралуу БШК билдирди.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Кайра шайлоого 51 талапкер катышууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты