Эгизбаев жана Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу айрым фактыларды билээрин айткан Сайпидинов Кыргызстанга алынып келинди    

  • 11 месяцев мурун

Эгизбаев жана Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу айрым фактыларды билээрин айткан Мунарбек Сайпидинов Кыргызстанга алынып келинди    

Кара-Суу районундагы мамлекеттин карамагындагы жер тилкелер жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысына шектелип, Россияда кармалган Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы Мунарбек Сайпидинов Кыргызстанга алынып келинди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, М.С.  (Мунарбек Сайпидинов-ред.) 2014-жылдан азыркы күнгө чейин Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн жана Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстар мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери жана жеке тараптар менен биргеликте кандайдыр-бир материалдык кызыкчылыктарды алуу максатын көздөшүп, кылмыштуу пландарын негиздешкен.

Алынган маалымат боюнча, жогоруда көрсөтүлгөндөр мамлекетке тиешелүү болгон калктын социалдык керектелүүчү жер тилкелерин жана социалдык мекемелерин мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз чыгарып, мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция)  менен кылмыш иши козголгон. М.С.га айыбы сырттан угузулуп,  камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. 

Кылмыш иши боюнча тиешелүү ыкчам-издөө жана тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен бул кылмыш ишине катыштыгы бар тараптарды аныктап, алардын аракеттерине укуктук баа берилет.

Айыпталуучу М.С. Россия аймагынан кармалган.  Бүгүн, ал 7-августта Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинди.  Айыпталуучу мурда соттолгон жана башка кылмыш иштерди жасаганы үчүн  шектелүүдө. 

Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидинов 6-августта Россида кармалганы маалым болгон. Ал социалдык тармактарда мындай деп билдирүү жасаган:

“6-август күнү, саат 2:20 чамасында Россиянын ИИМ кызматкерлери үй-бүлөм менен жашап жаткан үйдөн мени кармап кетишти. Бул окуя Раимбек Матраимовдун мага каршы көрүп жаткан аракеттеринин бир бөлүгү деп ойлойм. Анткени мен анын бир топ жашыруун иштерин — Айэркен Саймаитинин жана журналист Улан Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу айрым фактыларды, ошондой эле башка мыйзамсыз иштерин билем. Менин оюмча, Раимбек Матраимов бул маалыматтар коомчулукка жетип калбашы үчүн мени жок кылууга аракет кылууда» деп жазган.

Ошондой эле бул ишти ИИМден УКМКга өткөрүү өтүнүчүн билдирген:

«Мен ички иштер кызматкерлерине ишеним артпайм, анткени алардын арасында Раимбек Матраимов менен байланышы барлар бар деп эсептейм. Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, сизден чын дилден өтүнөм — бул ишти жеке көзөмөлүңүзгө алып, акыйкат жана калыс чечим чыгышына көмөктөшүңүздү суранам. Мен тергөө менен толук кызматташууга, көрсөтмө берүүгө жана болгон чындыкты ачык айтууга даярмын» деген Мунарбек Сайпидинов.

Сүрөт: mvd.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты