Египетте кармалган «Казак» лакап аты менен таанымал болгон жаран Кыргызстанга алынып келинди
- 2 часа мурун
Буга чейин «Казак» лакап аты менен таанымал М.У. аттуу жаран Египетте кармалганы, ал оор кылмышка шектелип, Интерпол кызматы тарабынан изделгендиги маалымдалган.
Бул тууралуу ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.
Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турат.
2024-жылдын октябрында Интерполдун кызматкерлери тарабынан изделип жаткан жаран Египетте кармалган. Компетенттүү органдар тарабынан аны экстрадициялоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн.
17-ноябрда ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан кармалган «Казак» лакап аты менен таанылган М.У. аттуу жаран, Ош шаарына жеткирилген.
Египеттин Интерполунун кызматкерлери активдүү көмөк көрсөтүшкөнү айтылган.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы